STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 055 (Innocent in jail 3)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

55. Күнөөсүз жерден түрмөдө 3


Күзөтчү Жусупту темир тор артына киргизди. Камеранын эшигин тарс жаап кулпулады да, кетип калды. Жусуп күнөөсүз темир тор артында отурду. Аны чынчылдыгы үчүн камашты. Мындай адилетсиздикти кандай түшүнсө болот?

Жусуп ойлоно берди, ойлоно берди.

(Жусуп ойлонуп отурганда, музыка болуп турат)

Агаларынын жүздөрү улам-улам көз алдына тартыла берди. Алар аны Мисирге сатып ийишкенден бери бир нече жыл өттү. Кудай аны улуу башкаруучу кылам деп убада бергени үчүн аны жек көрүшкөн.

Пирамидалар менен фараондордун өлкөсүндө аны фараондун кызматчыларынын бири Потипар сатып алган. Жусуп бардык ишти так аткарчу, Потипар ага абдан ыраазы эле. Анын мурда мындай жакшы кулу болгон эмес. Жусуп эмне кылбасын, бардыгында ийгиликке жетчү. Анын иштери дайыма жакшы болчу. Жусуптун эмне сыры бар эле, билесиңерби балдар? Кудай аны менен болуп, ага жардам берчү.

Потипар ага бүт үйүн, бүт талаасын ишенип тапшырган. Ага дайыма таянууга болот эле. Ал абдан сүйкүмдүү жигит болчу. Потипардын аялы ага суктанып, ал анын күйөөсүндөй болушун каалады.

Ушул да болчу беле? Кудайдын мыйзамында мындай дейт: Ойноштук кылба! Бул мыйзам мурда Жусупка кандай тиешелүү болсо, так ошондой эле бизге да тиешелүү. Жусуп Кудайды угуп, бул аялдын сөзүнө кирген жок.

Бир жолу Потифардын аялы Жусупту дагы азгыра баштады.

Балдар, кимдир бирөө силерди да азгырса, туура эмес иш кылууга көндүрүүгө аракет кылса, эмне кыласыңар? Жусуптай болгула: ал күнөөдөн качты. Аял Жусуптун үстүндөгү кийимин бекем кармап алды эле, ал чечип салды да, качып кетти. Өзүнүн мырзасынын аялы менен күнөө кылбайм деп, ал бекем чечкен. Потипардын аялы болсо буга көңүлү чөгүп, андан өч алгысы келди. Күйөөсү келгенде ага: «Жусуп бөлмөмө кирип, мага асылды! Мен кыйкырып ийгендиктен, кийимин таштай качып кетти», – деп, далил кылып Жусуптун кийимин көрсөттү.

Потипар аялынын жалган сөзүнө ишенип, Жусупка каарданды. Аны дароо кармап, түрмөгө камагыла деп буйрук берди.

Бирок түрмөдө да Кудай Жусуп менен болду, ошондуктан окуя ушуну менен эле бүткөн жок.

Жусуп үчүн Кудайдын Өзүнүн изги ою бар эле, бирок Жусуп ал кезде ал изги ой эмне экенин так билчү эмес. Кийинки берүүбүздө биз Жусуп тууралуу окуяны андан ары улайбыз.


Катышуучу: Айтып берүүчү

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 11:41 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)