STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 056 (God forgets no one 4)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

56. Кудай эч кимди унутпайт 4


Жумалар, айлар өтүп атты… Жусуп күтө берди. Күтүүнүн аягы жоктой сезилди. Жусуп мындай деп ойлоду:

Жусуп: «Мен түрмөдө күнөөсүз отурам. Эмнеге мени эч ким эркиндикке чыгарбайт?»

Бир жолу анын жанына фараонго кызмат кылган адамды камашты. Ал шарап сунуучу, фараонго суусундуктарды берип турган адам болчу. Аз убакыттан кийин аны бошотушту. Ал Жусупка фараонго сен тууралуу айтам деп убада берген. Бирок эркиндикке чыгары менен эле Жусупту унутуп калды. Эки жыл өттү. Жусупка баары аны унутуп коюшкандай сезилди. Бирок Бирөө аны эч качан унутчу эмес. Бул Кудай эле. Ал Жусупту улуу адам кылам деп убада берген. Мына эми, ошол убада аткарылчу убакыт да келип жетти. Фараон түш көрдү. Түшүнүн маанисин ага эч ким айтып бере албады. Фараондун көңүлү чөктү. Ошондо шарап сунуучунун эсине капысынан бир нерсе түштү.

Шарап сунуучу: «Мен түш жоруй ала турган бир адамды билем. Ал Жусуп. Ал күнөөсүз жерден түрмөдө отурат. Мен ал тууралуу такыр унутуп коюптурмун».

Фараон: «Тезинен алып келгиле аны мага!»

Фараондун буйругу ошол замат аткарылды.

Жусупту Мисир падышасынын алдына алып келишти, Жусуп ага таазим кылды.

Фараон: «Сени түштөрдү жоруйт деп уктум».

Жусуп: «Оо, улуу даражалуу фараон, мен өзүм жоруй албайм, түштү Кудай жоруйт».

Фараон: «Түшүмдө Нил дарыясынын жээгинде туруптурмун. Суудан жети семиз уй чыкты, капысынан эле жети арык уй пайда болду да, арыктары семиздерин жутуп койду. Андан кийин мен жети ири машакты көрдүм, дагы жети майда машак пайда болду да, майдалары ири машактарды жутуп койду. Бул эмнени билдирет, сен мага түшүндүрүп бере аласыңбы?»

Жусуп: «Кудай жети жыл түшүм мол болот деди. Мисирде дан-эгин мол болот. Андан кийин жети жыл ачарчылык келет. Жер түшүм бербейт. Шек-күмөнсүз так ушундай болот. Молчулук жылдары ачарчылык жылдарында эл азап тартпагыдай кылып, жеткидей дан чогултуп коё турган акылман табылса жакшы болмок».

Жусуптун чечмелегени фараонду ынандырды.

Фараон: «Жусуп, ошол акылман адам сенсиң. Кудай сени менен. Мен сени жардамчым кылып коём. Мындан ары Мисирде баары сага баш иет!»

Мына ушундайча Жусуп өлкөдөгү экинчи адам болуп калды! Анын буга ишениши кыйын болду. Кээде баары аны унутуп коюшкандай сезилсе да, Кудай аны унуткан эмес.

Бир туугандары аны жек көрүп, сатып жиберишкен. Кийинчерээк ал эч күнөөсүз жерден түрмөгө камалган. Эсептеп көрдүм, Жусупка 10 жыл чыдамкайлык менен күтүүгө туура келиптир. Бул бизге дем-күч болсун. Кудай эч кимди унутпайт. Балдар, Ал силерди дагы унутпайт. Болгону Ага ишенгиле! Кийинки берүүбүздө Кудай Жусуп аркылуу ишенүүгө мүмкүн эместей иштерди аткарганын билесиңер.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Жусуп, шарап сунуучу, фараон

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 11:44 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)