STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 091 (Who is the thief 3)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

91. Ким ууру 3


Ак терилүү чет өлкөлүк жип машинасынын кандайдыр бир үкөгүнө кабелди кандай туташтырганын Рингу менен Батту кызыга карап турушту.

Андан кийин ак түстөгү экранды орнотушту. Индиянын чакан айылынын тургундарынын мындайды биринчи көрүшү эле. Алар буга чейин бир да жолу кино көрүшкөн эмес.

Сахиб Грабб: «Кудай бардыгыңарды сүйөт. Ал Өзүнүн жалгыз Уулун жиберген. Анын ысмы – Ыйса. Ал биз сыяктуу эле, бирок күнөөсүз адам болду. Кудай күнөөнү жек көрөт жана күнөө үчүн өлүм менен жазалайт. Бирок Ыйса айкаш жыгачта биздин ордубузга өлүп, Өз ыктыяры менен жазаны Өз мойнуна алды. Андан кийин Кудай Аны тирилтти. Ыйсага ишенгиле, ошондо куткарыласыңар жана асмандагы үйгө ээ болосуңар!»

Фильм аяктагандан кийин Панду чакан органчада ойноп берди. Сахиб Грабб менен сүйлөшкүсү келгендердин бардыгы калды.

Рингу: «Сахиб, бизде дагы канча болосуң? Мен сенин Кудайың жөнүндө көбүрөөк билгим келет».

Сахиб Грабб: «Эртең биз кийинки айылга барабыз. Бирок биз дагы көрүшөбүз, сөзсүз».

Рингу менен Батту үйлөрүнө кайтуучу маал да келди. Алар жип машинасынын жанында турган органчаны көрүп калышты. Так ошол кезде аларды эч ким көргөн жок. Аспапты заматта илип ала коюшту да, караңгылыкка сүңгүп кетишти. Аны эски сарайга алып барып, катып коюшту.

Алар үчүн таң атмагы кыйын болду. Абийирлери бир жагынан кыйнаса, бир жагынан талааны тарп жеп күн көргөн жырткычтардан кайтаруу керек болду.

Айдын жаркырап толуп турган кези эле.

Рингу: «Батту, бир нерсе кыймылдап атат. Жолборс! Бул даана эле жолборс! Көздөрү күйүп турганын көрдүм!»

Батту: «Түш көрүп аткан жоксуңбу?»

Рингу: «Жок! Мен даана көрдүм!»

Коркунучтуу жаңылык кийинки күнү айылдын аяк-башына тарап кетти.

Киши: «Бул жолборс. Киши жегич жолборс!»

Аял: «Эмне? Качан? Кайда?»

Киши: «Кошуна айылда адамга жолборс тийиптир».

Рингу: «Жолборсту биз да көргөнбүз!»

Дүрбөлөң түшүп эле калышты. Мергенчи карыя жакшы бир ойду айтты.

Мергенчи: «Өгүздү мууздап, өлүгүн көлмөнүн жанына коюп коюш керек. Биз мылтык алып, бакка чыгабыз да, күтүп турабыз. Жолборс кандын жытына келет. Өгүздү жей баштаган кезде атып салабыз».

Киши: «Рингу, биз менен барасыңбы? Сенин жардамың тиет бизге».

Мергенчиликке аны тандашканы балага аябай жакты. Ошол эле учурда коркунучтуу да эле. Жолборско аңчылык кылуу – опурталдуу иш. Ал кайгылуу аякташы мүмкүн, эгерде…

Кийинки берүүбүздө Рингу менен бирге аңчылыкка чыгабыз.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Сахиб Грабб, Рингу, Батту, мергенчи, киши, аял

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 09:49 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)