STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 090 (The angry teacher 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

90. Ачууланган мугалим 2


Батту: «Тезирээк, Рингу, бол! Сен жеңесиң!»

Рингунун буту катуу ооруп жатты. Бирок болгон күчү менен божуну кармап, жеңүү үчүн жан аябай аракет кылып жатты. Ал бир нече арабаны ашып өтүп, мара сызыгына биринчи келди.

Батту: «Ал жеңди! Рингу жарышта жеңди!»

Батту кубанганынан так секирип жатты. Атасы да уулу менен сыймыктанды.

Рингу өгүздөрүнүн мойнуна гүлчамбарларды илишкенде, бакыттан жүзү нурданып турду. Бутунун оорусуна болгон күчүн жыйнап чыдап атты. Үйгө келишкенде буту ого бетер күчөп ооруду. Башы ооруп, денеси ысып чыкты.

Апасы: «Кире беришке жатып турчу, Рингу. Карап тур, биздин айылга ак терилүү чет өлкөлүк менен Панду келет».

Рингу: «Мен аны тааныйм. Ал дайыма Өзүнүн Уулун жерге жиберген жакшы Кудай жөнүндө айтып жүрөт».

Сахиб Грабб: «Арыбаңыздар, бүгүн биз булактын жанында сүрөт көрсөтөбүз. Келесиздерби?»

Апасы: «Кечиресиздер, биз келе албайбыз. Уулубуз катуу ооруп жатат. Табып жардам бере алган жок. Балабызга эмне жардам берет, сиздер билесиздерби?»

Чет өлкөлүк Рингунун бутун кандай карагандыгын эл кызыгуу менен байкап турушту.

Сахиб Грабб: «Мен жардам бере алам. Мага бир идишке ысык суу гана керек. Ага мынабу күлмайданы эритем… Суунун табы эң туура экен. Рингу, бутуңду мал. Бул күлмайда дары айыктырат».

Рингу: «Толук айыктырабы?»

Сахиб Грабб: «Албетте! Коркпо. Мен сен үчүн сыйынам: Теңир Ыйса, Сага бадыгы мүмкүн. Суранам, Рингунун бутун айыктырып, анын үйүн коргой көр! Оомийин».

Сыйынуу менен дарылоо Рингунун бутун айыктырды. Ал кайрадан мектепке бара баштады. Ал класска баягы чет өлкөлүк – Сахиб Грабб берген баракчаны алып келди. Мугалимге бул такыр жаккан жок.

Мугалим: «Бул эмне деген сандырак! Бул баракча машайакчылардын Кудайы жөнүндө экен. Биз, индустар, буга ишенбейбиз. Мындай баракчаларды эч кимден албай жүр. Түшүндүңбү?»

Баракты бырыштырып, бөлмөнүн бурчуна ыргытты. Бирок Рингу акыл токтотуп турду. Ошол күнү ал мектептен эң акыркы болуп чыкты. Ал баш кийимине эмне катып алганын силер баамдай аласыңар!

Рингу: «Батту, бул машайакчылардын Кудайы жөнүндө дагы көбүрөөк билсем жакшы болот эле!»

Батту: «Эмне? Мугалим эмне дегенин унутуп калдыңбы? Эгерде аны укпай турган болсоң, кара күчтөр сени тирүүлөй жутуп коюшат!»

Рингу: «А эмне үчүн алар Сахибди жутуп алышкан жок? Мен бул баракчаны катып коем».

Батту: «Мен корком!»

Бир нече убакыттан кийин Индиянын бул чакан айылына коноктор келишти. Андан ары эмне болгонун, балдар, эмки берүүдө айтып берем.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Рингу, Батту, апасы, Сахиб Грабб, мугалим

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 09:46 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)