STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 089 (Ringu at the bull race 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

89. Рингу өгүздөрдүн жарышында 1


Индиянын чакан айылында Рингу аттуу бала жашачу. Бир күнү Рингу өгүздөрүн арабага чеккенде, ата-энеси арабага отурушту.

Рингу: «Батту, отур арабага. Кеттик».

Батту: «Ура, биз базарга барабыз!»

Рингу: «Андан кийин өгүздөрдүн чоң майрамын майрамдайбыз!»

Батту: «Рингу, аябай кызык болуп атат! Сен жарышта утар бекенсиң?»

Рингу алдыда отуруп, өгүздөрдү башкарып келатты. Аябай толкунданып алган. Жол чытырман токойду аралап өтчү. Бул жерде жолборстор, а тургай кара күчтөр жашайт деп айтышчу!

Батту: «Бол, Рингу, батыраак!»

Рингу: «Кызык, чет өлкөлүктөрдү көрөбүзбү? Бир ак терилүү адам бар. Ал дайыма жакшы Кудай жөнүндө айтат».

Шаарда эл шумдуктуудай кымгуут. Алар келип токтогондо, биринчи эле Рингу арабадан секирип түштү.

Рингу: «Ай! Ай! Бутум!»

Баланын согончогуна чоң тикенек кирип кетти. Тиштенген бойдон тикенекти сууруп алып, аксаңдап ата-энесинин артынан жөнөдү. Атасы бир нерсе сатып алып жатканда, Рингу акырын банан уурдап алды. Бул туура эмес экенин ал билчү, бирок баары эле уурдайт да деп ойлоп койду.

Жакын жерден сонун музыка угулуп жатты, Рингу ошол жакты көздөй чуркады эле, капысынан бир адам менен кагылыша түштү. Анын колунан кагаздары чачылып кетти. Ал чет өлкөлүк эле. Рингу качып жөнөмөкчү болду, бирок тиги киши аны токтотуп калды.

Чет өлкөлүк: «Дос, бир мүнөткө токточу, мына бул баракчаны сага берейин. Бул Кудайдан кат. Катта Кудай сени канчалык сүйөрү тууралуу жазылган».

Рингу баракты алып, баш кийимине салып койду.

Ал ортодо музыка токтоп калды. Чакан органда ойноп аткан музыкант аспабын жылдырып коюп, адамдарга кайрылды.

Панду: «Менин атым Панду. Мурда кара күчтөргө курмандыктарды чалып, өгүздөргө табынчумун. Азыр болсо тирүү Кудайды таанып, Ага кызмат кылуудамын. Ал – чыныгы Кудай!»

Бул сөздөрдү угуп, Рингу ойлонуп калды. Эртеси күнү эртең менен барабандардын үнүнөн ойгонду. Кызарып, шишип кеткен бутун көрүп, коркуп кетти. Атасы табып чакырды. Табып Рингуга жакын келгенде, ал коркконунан калтырап кетти. Табып жараатка калемпир сээп, кулагына үйлөдү. Рингу кыйкырып жиберди.

Рингу: «Аааай!»

Ушинтип дарылагандан жакшы болмок беле? Ошентип, жарыш да башталды. Аябагандай катуу ооруга карабай Рингу божуну тартып, күлгөнгө аракет кылды.

(ок атылганынын үнү)

Өгүздөр көрүүчүлөрдүн кыйкырык-сүрөөнүнүн коштоосунда жүгүрүп жөнөштү. Рингу ооруганына чыдабай кыйкырып жиберип, арабанын артынан жүгүрдү. Бир маалда мүдүрүлүп кетти да…

Андан ары эмне болгону тууралуу кийинки берүүбүздө биле аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Рингу, Батту, чет өлкөлүк, Панду

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 09:41 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)