STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 088 (The big contest question)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

88. Маанилүү суроо


Талкуулоого суроо: Дүйнөдө ким баарынан акылдуу?

Кыз: «Менимче, Сапар, мугалимдин сүймөнчүгү».

Бала: «Менимче, Дамирдин мээси компьютердей эле иштейт».

Кыз: «Ой, ушу Дамирби? Ал өзүн баарынан акылдуу эсептейт, эмне болуптур?»

Балдар, ойлонуп көргүлөчү, балким башка бирөөдүр?

Бала: «Университеттеги профессор».

Кыз: «Же кандайдыр бир ачылыш жасаган аябай акылдуу бирөө».

Бала: «Мисалы Эйнштейн же Пифагор».

Менин суроомо дагы эле жооп тапкан жоксуңар.

Дүйнөдө баарынан акылман ким?

Библияда бул тууралуу эмне дегенин уксаңар.

Ыйса кимди акылман деп эсептейт? Кунт коюп уккула, силер деле эң акылдуу адам боло аласыңар!

Ыйса: «Менин сөздөрүмдү угуп, аткарган адамды үйүн таштын үстүнө курган акылдуу адамга теңесе болот. Бул эң башында ал бекем пайдубал койду дегенди билдирет. Кийинчерээк ал пайдубал байкалбашы деле мүмкүн. Кийин жаан жаап, шамал согуп, дарыялар ташып, үйдү каптаганда, үй туруштук берди. Ураган жок, анткени бекем пайдубалдын үстүнө курулган эле.

А менин сөзүмдү угуп, бирок аткарбаганды үйүн кумдун үстүнө курган акылсыз адамга салыштырса болот. Жаан жаап, шамал соккондо үй урап калды, ал аябай чоң кыйроого учурады».

Ыйсаны угуп турган адамдар Анын окутуусуна аң-таң калышты. Акылман адамдын белгиси ардактуу наамы эмес, кооз сөздөрү эмес. Анда эмнеси? Адамдын акылдуу экенин билгенге бир ыкма бар.

Балдар, эгер Библияңар бар болсо, Матай жазган Жакшы Кабардын 7-бөлүмүнөн, 24-аятты окуп койгула. Матай 7:24 биздин сурообузга кыска жана так жооп берет. Ошентип, ким эң акылдуу экен?

Жообуңарды бизге жазып жибергиле. Силерден кат күтөбүз!

Андан кийин ойлонуп көргүлө, Ыйса акылдуу деп эсептеген адамдардын катарына киресиңерби?


Катышуучулар: Айтып берүүчү, бала, кыз, Ыйса

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 11:47 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)