STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 020 (On the run 5)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

20. Качуу 5


Падышанын ордосуна кеткен жолдон аттын такасынын үнү угулду. Жамгыр чакалап куйгандай төктү. Ат араба токтоору менен Ахап атып чыгып, ордону көздөй шаша-буша жүгүрдү.

Ахап: «Изебел! Изебел! Бүгүн эмне болгону үч уктасаң түшүңө кирмек эмес! Асмандан от түштү. Илиястын Кудайы – чыныгы тирүү Кудай экенин баары көрүштү! Баал жардам бере алган жок, анын бүт табынуучулары өлдү!»

Ханайым Ахаптын ар бир сөзүн кунт коюп укту. Бирок бул жаңылык да, нөшөрлөгөн жамгыр да аны ынандырган жок. Теңир Кудай экенине баары бир ишенген жок. Уккандары аны ого бетер каардантты!

Изебел: «Илиясты өлтүрөм!»

Ханайым аны өлтүрөм дегенин угуп, Илияс качып жөнөдү. Ал жашоосунда эч качан эч кимден качып көргөн эмес. Чуркап жүрүп отуруп, дээрлик 200 км жолду басып өттү. Баары бир коркунуч басып турду. Түштүктү көздөй качып кете берди, коркунуч аны чөлгө алып кетти.

Балдар, а силер корккондо эмне кыласыңар?

Кудай жаныңда! Илияс дайыма Кудайдын жетегинде иш кылчу. Бирок бул жолу ал коркунучка алдырып койду. Алы-күчү кетип, андан ары жүргөнгө шайы келбей калганда, бадалдын түбүнө отуруп алып, сыйына баштады:

Илияс: «Теңир, мындан ары жашай албайм. Өлүп эле калайынчы!»

Кудай жаныңда. Бирок ал мындай сыйынууларга «Ооба» деп жооп бербейт. Кудай Илиястын уктаганын күттү да, уктаганда периштесин жиберди. Периште пайгамбарды ойготту.

Периште: «Илияс, тур. Бирдеме жеп, ич!»

Илияс көзүн ачып, айланасын карады. Караса кумура суусу менен, нан туруптур. Даамдуулугу укмуш!

Илияс кайра уктап калды, баары дагы кайталанды.

Кудай жаныңда. Чөлдө Кудай кандай гана сүйүү менен ал үчүн кам көргөнүн көргөндө, Кудайдын элчиси бул чындыкты аңдап түшүндү. Эми ал кайрадан Кудайдын үнүн уга ала турган абалга келди да, жаңы вазийпа менен кайрылып келди.

Кудай сенин жаныңда! Коркпо! Библиядагы бул аяттар сага дем берсин:

«Теңир менин жарыгым, менин куткаруучум: кимден коркмок элем? Теңир – менин өмүрүмдүн тиреги: кимден үрөйүм учмак эле?» (Забур 26:1)


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Ахап, Изебел, Илияс, Периште

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 10, 2018, at 04:32 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)