STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 021 (Sin begins little by little 6)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

21. Күнөө майдадан башталат 6


Ахап падыша ордодо ары-бери басып жүрдү. Улам-улам терезеге келип сүйөнүп, жүзүмзарга карап суктанып атты.

Ахап: «Бул жүзүмзарга мен сөзсүз ээ болушум керек! Так менин ордомдун жанына жайгашыптыр. Мен аны ажайып бакчага айлантып, капуста өстүрөм».

Ошентип, ал жүзүмзардын ээсине жөнөдү.

Ахап: «Набот, жүзүмзарыңды мага сат».

Набот: «Сата албайм! Бул жер мага аталарыман мураска калган. Мурасты сатууга Кудайдын мыйзамында жол берилбейт».

Ахап ачуу таарыныч менен бурулду да, коштошуп койбостон жөнөп кетти. Көңүлү бузулуп, жатып алды.

Балдар, а силердин каалаганыңар аткарылбай калганда көңүлүңөр чөккөн учурлар болобу?

Ахап падыша кыжырдана тескери бурулуп, дубалды карап жатты.

Изебел: «Эмне болду сага?»

Падыша эмнеге капаланып атканын билгенден кийин, Изебел мындай деди:

Изебел: «Тур, кабагыңды ач. Сенин каалаганың аткарылгыдай кылам».

Ханайым шаар аксакалдарына кат жазып, падышанын колун жасалма койдуруп, падышанын мөөрүн басты. Аксакалдар катты алып, окушса: «Жолугушуу уюштургула да, Наботту чакыргыла. Аны күнөөлөп, мындай дегиле: "Сен Кудайга жана падышага акарат келтирдиң, ошол үчүн өлүшүң керек"» – деп жазылыптыр.

Так ошондой болду. Набот эч нерседен кабары жок жолугушууга келди, ошол күнү кечинде ал өлтүрүлдү.

Кичинекей күнөө ушул үрөй учурган жаман ишти кылууга алып келгени не деген шумдук.

Көрдү – каалады – көзү кызыды – арданды – таарынды – алдады – жана өлтүрдү!

Наботтун өлүмү тууралуу кабар дароо эле өлкөнүн аяк-башына жетти. Ахап падыша болсо жүзүмзарды ээлеп алды. Бирок ошол ишти кылып атып, Кудай буга кандай карайт деп ойлонгон жок. Ошондо анын алдына капысынан Илияс келди. Ахап өң-алеттен кетип, купкуу боло түштү.

Ахап: «Душманым, мени таптың ээ!»

Илияс: «Ооба, таптым. Сен күнөөгө алдырдың, анын жүрөгүңдөн орун алып өсүүсүнө жол бердиң. Кудай күнөөнү жек көрөт, ошондуктан сени жана сенин бүт үй-бүлөңдү жок кылат!»

Бул сөздөр падышага тынчтык бербеди. Ал кылганынын баары үчүн өкүндү. Анын жүрөгүн көргөн Кудай ага ырайым кылды. Күнөөбүздү Ыйса Теңирдин алдында мойнубузга алып өкүнсөк, Ал бизге ишенимдүү мамиле кылып, бардык күнөөбүздү кечирет.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Ахап, Изебел, Набот, Илияс

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 09:15 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)