STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 170 (Halloween – without me 2)

Previous Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

170. Хэллоуинде мен жокмун 2


Жамал: «Мен Хэллоуинди керемет майрам, коркунучтуулардын бардыгы жөн эле тамаша деп ойлочумун. Бирок бул майрам шайтанга табынуу экенин билгенде, катышпай калдым».

Жамал сыяктуу эле көптөгөн башка балдар Хэллоуинди майрамдашпайт.

Калыс: «Ушул майрамга арналып жасалган тамактарды жебейм. Ал төмөнкү тамактар: Франкенштейн пиццасы, жөргөмүштүн канынан жасалган шорпо, фуу, кандай жийиркеничтүү, кускуңду келтирет!»

Кыз: «Биз англис тили сабагынан Хэллоуин жөнүндө сүйлөштүк. Атам мугалимге бул майрам таза эмес рухтар менен байланышарын айтты. Башкача айтканда, анда көрүнбөгөн күчтөр катышат. Мага сабакка катышпоого уруксат беришти».

А Рысбек эмне үчүн Хэллоуинди майрамдагысы келбейт?

Рысбек: «Мен Кудайга ишенем жана Ал айтканды жасагым келет».

Библиядан, Мыйзамды кайталоо китебинин 18-бөлүмүнүн 9-аятынан буларды окуй аласың:

Рысбек: «Элдер кылган жийиркеничтүү иштерди кылба».

Кудай сүйүү! Ал бизге күн мурунтан эскертет, анткени бизди сүйөт. Анын осуяттары жакшы. Ким Аны укса – Ал шайтандын кылтагына түшпөйт.

Бермет: «Хэллоуиндин артында шайтан өзү турарын мен мурда билчү эмесмин. Бул тууралуу окуп үрөйүм учту. Азыр баарына эскертем. Хэллоуин тууралуу окуганымды мектепте да окуп бергем. Мугалим уруксат берген. Менимче, бул тууралуу жаңы билип аткан мен эле эмесмин. Азыр мен: Хэллоуинде мен жокмун деп айтам! Жакында көптөр ушундай дешет деп үмүттөнөм. Хэллоуин шайтандын майрамы экенин билсем, эч качан ага катышпайт элем».

Балдар, мүмкүн силер да билбей бул майрамга катышып жүргөндүрсүңөр. Өкүнүп атасыңарбы? Коркпогула. Ыйса – Жеңүүчү! Ага сыйынгыла, Ал силерди угат. Мисалы мындай деп кайрылсаңар болот:

Бала: «Ыйса Теңир, мени сүйгөндүгүң үчүн ыраазымын. Хэллоуинди майрамдап жүргөнүм үчүн кечирим сурайм. Мындан ары буга катышпайм. Эми мен Сенин Сөзүң болгон Библияны окуп, Сен үчүн жашагым келет. Мен Сага ишенем. Сага ыраазымын, менин күнөөлөрүм үчүн өлгөнүң үчүн. Оомийин».

Мындай сыйынууларга Ыйса дароо жооп берет. Ал силерди кечирет, балдар. Анткени Ал силерди абдан жакшы көрөт! Эгер Анын жашооңорго кирүүсүн сурансаңар, Ал дайыма силер менен болуп, силерди сактап жүрөт.

Силер да Хэллоуин чынында кандай майрам экенин башка балдарга айтып бергиле. Мүмкүн алар дагы Ыйсага ишенип калып, «Хэллоуинде мен жокмун!» деп айтышат.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Жамал, Калыс, кыз, Рысбек, Бермет, бала

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 08:51 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)