STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 169 (Halloween – without me 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

169. Хэллоуинде мен жокмун 1


Ив менен Ховард жарнак текченин айнегине үңүлүп карап атышты. Айнектин ары жагында ашкабактар заардуу ырсайышат.

Ив: «Мен Хэллоуин тууралуу отчет жазышым керек. Ой, баш сөөктү көрүп атасыңбы?»

Ховард: «Ооба, бирок бул жасалма да!»

Ивдин дене-бою дүркүрөп кетти.

Ховард: «Майрамга келесиңби?»

Ив: «Билбейм. Мүмкүн келем. Азыр мен үйгө кетишим керек».

Жакын жерде жайгашкан кондитердик цех «шайтан алгырдай таттуу» деп печеньесин жарнамалашты. Хэллоуин аларга чоң киреше алып келди.

(Эшиктин коңгуроосу шыңгырайт)

Апасы: «Акыры келди».

Ив: «Курсак ачты. (идиш-аяктын үнү) Терезенин текчесиндеги ашкабактан жасалган баш сөөктөр кайда калды?»

Атасы: «Таштанды салгычта».

Ив: «Кандайча, таштанды салгычтабы???»

Апасы: «Окучу мобу макаланы». (гезиттин шылдыраганы)

Ив Хэллоуин деген чынында эмне экенин окуганда пиццага какап кала жаздады:

31-октябрь – шайтандын жана жезкемпирдин майрамы. Байыркы кельттик жаңы жыл. 2000 жыл мурда майрамдалчу. Кельттер Кудайсыз жашашчу. Алар көп кудайларга ишенишчү. Алардын арасында өлүмдүн кудайы – Самайн да бар эле. Ошол түнү ал өлгөндөргө келет деп эсептелген.

Ив: «Демек, Хэллоуин шайтандын майрамы экен да!»

Хэллоуин англис тилинде Бардык Ыйыктардын Күнүнүн босогосу дегенди билдирет. Байыркы кездерде сыйкырчылар чамгырдын ичин оюп алып таштап, ичине шам коюшчу. Анан мындай чыракты үйдүн алдына коюп алышып: «Же белек, же каргыш!» деп кыйкырышчу. Ким Самайнга курмандык чалбаса, ал каргышка калган.

Атасы: «Шириндиктерди сурап алышкан беткапчан рухтар ушул бутпарастык майрамды эске салат. Библия: «Жамандыктан бөлүн!» дейт. Хэллоуин – жамандыктын түнү».

Апасы: «Бул тууралуу билген эмес экем. Эми мен чечтим: Хэллоуинде мен жокмун!»

Атасы: «Курмандык чалуулар тууралуу окудуңбу?»

Ив шайтанга адамдарды курмандыкка чалгандар тууралуу окуп, өңү кубарып кетти. Бул эмне деген шумдук! Шайтан – жалганчы жана киши өлтүрүүчү. Хэллоуин – анын күнү.

Атасы: «Кудай айткан, биз бутпарастык майрамдарды майрамдабашыбыз керек. Ошондуктан мен да айтам: Хэллоуинде мен жокмун!»

Балдар, а силер эмне деп ойлойсуңар? Силер Ыйса Машайакка ишенесиңерби? Эгерде ишенсеңер, анда чыныгы кубанычка ээсиңер жана «коркунуч майрамынын» силерге кереги жок.

Ив: «Мен Хэллоуинге барбайм. Азыр Ховардга "эс-эм-эс" жөнөтөм: Хэллоуинде мен жокмун!»

Балдар, бул майрамда силер да жок болосуңар деп үмүттөнөбүз!

Эгерде Хэллоуин тууралуу көбүрөөк билгиңер келсе, мага жазгыла!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Ив, Ховард, апасы, атасы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 08:49 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)