STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 168 (All is well with Terry 6)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

168. Терриде баары жакшы 6


Филип менен Рут катуу уктап, түн ортосунда үйдөгүлөрдүн кадамдарын угушкан жок. Алар Терринин керебетинин жанында дарыгер түнү бою отурганын билишкен жок.

Жакшы Кайтаруучу Ыйса акырын, билгизбей Террини колуна алып, үйүнө алып кетти.

Рут эртең менен Терринин көз жумганын укту. Ал аябай ыйлады. Филип экөө эң жакшы досунан айрылышты.

Анын тажиясында пастор Робинжер Жакшы Кайтаруучу Ыйсанын окуясын окуп берди. Тажиядан кийин Рут токойду капалуу аралап жүрдү. Терри мындан ары жок экенин ойлоонун өзү ал үчүн абдан коркунучтуу болду. Каштан багынын түбүнө отуруп алып ыйлап атты.

Тэннер мырза: «Рут, эмнеге ыйлап атасың?»

Күтүүсүздөн жанына Тэннер мырза келип калыптыр. Ал шалбаада жайылып жүргөн койлордун ээси эле. Рут ага болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берди.

Рут: «Мен ал үчүн көп сыйындым. Бирок эч пайда болгон жок. Терри баары бир өлүп калды!»

Тэннер мырза: «Ыйса ката кетирди деп ойлойсуңбу? Эгер менин бир коюм катуу ооруп калса, мен аны эң жакшы жайытка алып бармак белем, кандай дейсиң? Ага мурдагыга караганда кайсы жерде болгону жакшы болот эле?»

Рут түшүнө баштады.

Тэннер мырза: «Террини Ыйса алып, ага абдан жакшы боло турган жерге алпарды. Ошондуктан сен капа болбошуң керек».

Рут: «Бирок аны жерге көмүшпөдүбү! Ал кантип Жакшы Кайтаруучу менен боло алат?»

Тэннер мырза жерден каштан алды.

Тэннер мырза: «Карачы, Рут! Каштандын кабыгы эч нерсеге жарабайт. Жашоо анда эмес, анын данегинде. Данектен жаңы дарак өсүп чыгат. Терринин денесин кабык менен салыштырууга болот. Ал жерде жатат, анын ага мындан ары кереги жок. Анын ички өзөгү, чыныгы өмүрү – Ыйсада. Ал жерде анын эч качан оорубай турган жаңы денеси бар. Ушул жөнүндө ойлонуп көрчү, Рут».

Рут үйгө келгенде Филип анын кайгырбай калганын байкады.

Филип: «Рут, мага Жакшы Кайтаруучу жөнүндө айтып бергениң үчүн рахмат. Мен да Аны таанып калдым. Терри азыр Анын жанында. Качандыр бир кезде биз да Ага барабыз».

Рут: «Эртең мен мектептеги балдарга Жакшы Кайтаруучу жөнүндө айтып берем, алар да Аны таанышсын».

Балдар, а силер кимдерге Жакшы Кайтаруучу Ыйса тууралуу айтып бере аласыңар?


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Тэннер мырза, Рут, Филип

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 03:05 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)