STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 144 (Totally in love 5)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

144. Баш айланткан сүйүү 5


Хадсон Тейлор эшикти жапты. Ал абдан кайгылуу эле. Чунминдао аралынан кетиши керек экенин билди, анткени кайсы бир адамдар ичтардыктан башкаруучуга аны аябай жамандашыптыр. Ал муну түшүнө албай атты.

Бирок Кудай аны калтырган жок. Кудай жамандыкты жакшылыкка айлантып коет. Хадсон Нинбо шаарынын Бридж көчөсүнө көчүп барды да, ал жактагы кытайларга Куткаруучу Ыйса тууралуу кубануу менен айтып бере баштады.

Кудай баарын иретке келтирди. Бирок баарынан сонуну алдыда болчу. Тагыраак айтканда баарынан сонун бийкеч! Хадсон жашаган үйгө жакын жерде Кудайдын кызматчылары ачкан мектеп бар болчу. Ал жерде мугалим болуп иштеген англиялык кызды Хадсон сүйүп калды. Бактылуу кыздын аты Мэри эле. Ал да Хадсонду сүйүп калды. Хадсон Мэриге үйлөнүүнү сунуш кылды, бирок адегенде баарын ачык билдириши керек эле.

Х.Т.: «Мэри, мен сага бир нерсени айтып коюшум керек. Мен бай эмесмин. Бир нерсе керек болгондо, Ыйсадан сурайм, Ал мен үчүн кам көрөт. Акчам өтө эле аз. Ушундай болсо да, мага турмушка чыгууга макулсуңбу?»

Мэри: «Ооба! Ыйсага чогуу таянабыз. Бизге көп акчанын деле кереги жок. Биз үчүн баарынан кымбаты – бул Ыйса».

Хадсон менен Мэринин тоюна көп достору келди.

Аны сүйгөн ар бир адамга Кудай эң жакшысын берет. Ал убада кылган, сөзүнө турат. Ошондуктан Хадсон менен Мэри өмүрлөрүн Ага арнашты.

Хадсон оорулууларга кам көрчү жана насаат сөз айтчу. Мэри болсо балдарды окутчу. Көптөгөн балдар жана кыздар Мэриден Ыйса Теңир тууралуу угушту. Хадсон менен Мэри жардыларга тамак беришчү. Алардын дайыма жумушу көп эле. Кытайлыктар Ыйсага ишенип калышканда алар аябай сүйүнүшчү!

Ар күнү кечинде коңгуроонун үнү адамдарды Кудайга кызмат кылуу чогулушуна чакырчу.

Шаңдуу ырдын үнүн угуп, бурканга табынган Ни дагы келди. Ал өмүрүндө биринчи жолу Ыйса Кудайга алпара турган жалгыз жол экенин укту.

Ни: «Тейлор мырза, мен чындыкты көпкө издедим. Ыйса чындык. Мен Ага ишенем. Силер, анлгиялыктар, канча убакыттан бери чындыкты билесиңер?»

Х.Т.: «Жүздөгөн жылдардан бери».

Ни: «Жүздөгөн??? Ушунча убакыттан бериби??? Эмнеге мурда силерден эч ким келип бизге айтып берген эмес?»

Ушул суроо Хадсондун оюн ээлеп алды. Ал чындыкты али биле элек миллиондогон кытайлыктар жөнүндө ойлоду да, мурдагыдан да көбүрөөк эмгектенди. Ал ооруп калды, оорусунан улам Англияга кайтышы керек болду.

Адам ооруп калганда Кудай баарын эң жакшы иреттештире алабы?

Бул тууралуу кийинки берүүбүздө биле аласыздар. Өткөрүп ийбегиле!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Хадсон Тейлор, Мэри, Ни

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 07:04 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)