STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 145 (If I had 1000 lives 6)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

145. Менин 1000 өмүрүм болсо 6


Кеме жээкке токтоду. Оорусу катуу Хадсон Тейлор пристанга түштү.

Англиядагы дарыгерлер анын оорусуна катуу кооптонуп атышты.

Доктор: «Тейлор мырза, сиз эми Кытайга бара албайсыз».

Х.Т.: «Эгерде Кудай кааласа, Ал мени айыктырат».

Дубалда Кытайдын чоң картасы илинүү болчу. Хадсон аны карады да, Ыйса тууралуу эч качан укпаган кытайлыктар тууралуу ойлоп ыйлады.

Бир окуяны ал көп айтып берчү:

Х.Т.: «Кеме менен Син-хуа-фуга сүзүп бараткам. Питэр да бар эле. Биз Ыйса тууралуу сүйлөштүк. Андан кийин мен өз каютама келдим. Капыстан кыйкырык, суунун шарпылдаганы угулду. Көрсө Питэр сууга кулап кетиптир. Мен сууга секирип, бирок аны тапкан жокмун. Нараактан балыкчыларды көрө коюп, «Жардамга, кемеден киши кулап кетти!» деп кыйкырдым. Алар камаарабай гана: «Биздин убактыбыз жок. Балык кармап атабыз. Жардам берсек төлөйсүңбү бизге?» дешти. Мен төлөйм дедим. Көпкө ыңгыранышты, ошентсе да жардамга келишти. Питэрди суудан алып чыгышты. Мен аны сактап калууга аракет кылдым, бирок кеч болуп калган экен. Ал каза болуп калды. Эгерде балыкчылар мынчалык кош көңүл болушпаганда, аны аман алып калууга болот эле».

Бул тим эле үрөй учарлык!

Хадсон адамдардын куткарылышын каалаган. Өзгөчө күнөөдөн. Бирок ал өзү оорулуу эле.

Х.Т.: «Ыйса Теңир, суранам Сенден, Сага кызмат кыла турган 5 адамды Кытайга жиберчи, көптөр Сага ишенип, куткарылып калсын».

Ал сыйынуусуна жооп алды. Бирок миллиондогон кытайлыктар үчүн 5 адам эмне болуп калыптыр? Хадсон Тейлор 24 адам үчүн, 100 адам үчүн, 1000 адам үчүн сыйынды. Кудай анын бардык сыйынуусуна жооп берди.

Жеке мен Хадсондон туура сыйынууга үйрөндүм. Ыйсага биз эмнеге муктаж экенибизди так айтышыбыз керек да, Андан сураганыбызды Ал берерине ишенишибиз керек. Ал сыйынуубузга жан дили менен жооп берет.

Хадсон Тейлор кайрадан сакайып, жаңы кызматчылар менен Кытайга жөнөдү.

1-аял: «Акылыңдан адаштыңбы! Англияда кал!»

2-аял: «Бул жерде жакшы акча таба аласың. Кытайдан ачка болосуң, жакында сени баары унутуп коюшат».

Х.Т.: «Баары мени унутуп коюшабы? Жок. Кудай эч качан Өзүнүн балдарын унутпайт!»

Кудай эч качан аны унуткан жок.

Х.Т.: «Менин 1000 өмүрүм болсо, баарын тең Кытайда Кудайга кызмат кылып жашап өткөрмөкмүн».

Балдар, а силер Кудайга кызмат кылгыңар келеби? Айтып коеюн, миллионер болбойсуңар, кыйынчылыктарыңар көп болот. Бирок Ыйса каалагандай жашап, дайыма Ага таянгандан сонун эч нерсе жок.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Хадсон Тейлор, доктор, 1-аял, 2-аял

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 07:07 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)