STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 124 (The best counselor 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

124. Эң сонун кеңешчи 1


Түштүк Падышалыкта Израилдин Түндүк Падышалыгынын падышасы – Жошапат падышанын мамлекеттик сапарына даярдык толук жүрүп жатты. (музыка жаңырат) Бардык жерде туу көтөрүлүп, даамдуу тамактар сунулуп турду. Израилдин падышасы Жошапатты кабыл алуу өзгөчө окуя болчу. Жөндөн жөн чакырылбаганын баамдады бекен падыша? Ахап падыша дароо эле иштин жайын айтууга өттү.

Ахап: «Жошапат, душмандар Гилаттын Рамотун басып алышты. Мындан ары ал жерге ээлик кыла албайбыз, ушуга капамын. Шаарды кайра кайтарып алганга жардам бересиңби?»

Жошапат: «Албетте! Менин аскерлериме таянсаң болот. Бирок алды менен Кудайдан кеңеш сураганыбыз жакшы, туурабы? Мен Ага жаккыдай иш кылгым келет».

Бир чечим чыгараардын алдында Кудайдан кеңеш сураган жакшы. Жошапат падышадан үлгү алсак болот. Мен бекем ишенем, анын жашоосундагы ийгиликтердин сыры так ушунда. Жошапатты баары жакшы көрүшчү. Анын миллиондогон аскерлери болгон, ошондуктан душмандары ага катылууга даай алган эмес. Ал көп жерлерден тартууларды алып турчу.

Жошапаттын кеңешчиси Кудай болгон. Ал ар бир чечиминин алдында Кудайдын кеңешин издечү.

Ахап падыша болсо такыр андай эмес эле. Ага Жошапат падышанын сөздөрү жаккан жок. Балдар, силер да Кудайдан кеңеш суроону сунуш кылсаңар, кимдир бирөөгө жакпай калышы мүмкүн. Ахапка жакпаган сыяктуу эле, эң жакшы акыл адамдарга жакпайт.

Ахап: «Сөзсүз ошентиш керекпи? Болуптур. Жигиттер! Пайгамбарларды чакыргыла!» (кадамдар угулат)

Ахап: «Айткылачы, Рамотко чабуул жасайлыбы, жокпу?»

Пайгамбар: «Чабуул жасагыла! Жеңиш биздики болот!»

Ахап падыша канааттанды. Бирок Жошапат падыша Кудайдын үнүн тааный билчү, бул үн Кудайдын үнү эмес эле. Ахапка 400 пайгамбар жалган айтты. Алар ага ал эмнени уккусу келип турса, ошону айтышты. Анткени бул үчүн аларга сый көрсөтүлчү».

Жошапат: «Башка пайгамбардан да сурап көрсөк болобу?»

Ахап: «Дагы бир гана пайгамбар бар, бирок аны көрөйүн деген көзүм жок! Ал дайыма алдын ала жамандыктарды айтат».

Жошапат: «Ошону алып келгиле бул жерге!»

Михейди алып келишти. Ал Кудайдын чыныгы элчиси эле. Кээде ал тамашалаганды да жакшы көрчү.

Ахап: «Михей, сен эмне дейсиң? Рамотко чабуул жасайлыбы?»

Михей: «Албетте. Сен аны жеңесиң».

Ахап (ачуулуу): «Сен чындыкты айтышың керек! Кудай сага эмне деди?»

Чындап эле ал Кудайдын кеңешин уккусу келди беле? Мүмкүн уккусу келгендир, бирок аткаргысы келбегени анык эле.

Михей сурдана калды.

Михей: «Сенин аскерлериң жакында койчусу жок койлордой болуп каларын Кудай мага көрсөттү. Ахап падыша, сенин аскерлериң сенсиз кайтышат!»

Ахап (каарданып): «Эмне деп айтканын баарыңар уктуңарбы? Ал мага өлүм өкүмүн чыгарып койду! Тезинен түрмөгө камагыла!»

Эмки берүүбүздө андан ары эмне болгонун билесиңер.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Жошапат, Ахап, Михей, пайгамбар

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:46 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)