STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 125 (Deadly arrow 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

125. Өлтүрүүчү жебе 2


Бир гана адам чындыкты айтканга батына алды. Бирөө 400 адамга каршы!

Михей: «Ахап падыша, бул согушту Кудай каалаган жок. Кудайды укпай, өмүрүңдү тобокелге салып жатасың».

Ахап: «Уктуңарбы, эмне дегенин? Ал мага өлүм өкүмүн чыгарды! Тезинен камагыла түрмөгө!»

Ахап падыша Кудайды уккусу келген жок. Кандай болбосун Рамотко кол салууну чечти.

Кудайды укпаган адам – өмүрүн тобокелге салат. Ахаптын тыңчылары душмандын планын аңдып угуп алышты.

Душман: «Ахаптын аскерлерине каршы согушканда аскерлерин эмес, падышанын өзүн атабыз».

Ахап акыл калчап, амалкөйлүк кылды.

Ахап: «Жошапат падыша, мен билинбей башкача кийинип алайын, сен болсо Падыша кийимиң менен бол. Согушка чогуу аттаналы».

Жошапат макул болду. Чынын айтсам, түшүнө албайм, ал эмнеге Кудайдын кеңешин укпай койду? Адатта ал дайыма чечимди Кудай менен чыгарчу.

Катуу салгылаш башталды. Душман көңүлдүн баарын падышага бурду. Эмне болгонун элестете аласыңарбы? Душмандар падыша кийимчен Жошапатты көрүп, аны Ахап деп ойлошту. Андан көз албай мелжеп алышты. Ал ортодо Жошапат болгон күчү менен кармашып жатты. Ал ошондо бир чындыкты: Кудайды укпаган адам өмүрүн тобокелге саларын түшүндү. Аз жерден өлүмдөн калды. Кудай аны коргоп, душмандар аны мээлебей калышты.

Аскерлердин бири болжоп туруп жаасын тартты эле, Ахап падышаны катуу жарадар кылды. Күн батып баратканда ал көз жумду. Кудайды эч качан уккусу келбегени өмүрүнө татыды.

Жошапат болсо акылга келип, Кудайсыз эч качан чечим чыгарбоону өзүнө убада кылды.

Кудайды укпаган адам – өмүрүн тобокелге салат. Жошапат падыша азгырыкка берилип, Кудайдын кеңешине каршы чыкты. Кийин ал бул үчүн абдан өкүнүп, тобо кылды.

Эгер досторуң Кудайды угуу акылсыздык деп эсептешсе, алардын таасирине алынба, тескерисинче каршы чык. Башкалар эмне деп ойлогону маанилүү эмес, сен Кудайды ук! Ыйсаны билгендер менен, Аны сүйгөндөр менен кеңеш.

Кудайды укпаган адам – өмүрүн тобокелге салат. Кудайды угуу мага зор кубаныч берет, анткени мен билем, Ал мага эң жакшысын каалайт.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Ахап, Михей, тыңчы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 04:00 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)