STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 123 (The runaway)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

123. Качкын


Ал чалынып, таштарга мүдүрүлүп, тикенектүү бадалдарга тытылып, жалгыз аяк жол менен чуркап баратты.

Онесим (күйүгүп): «Тезирээк жашынуу керек. Ушундай жашоодон тажадым. Күн сайын эсиң оогудай жумуш. Жаңыча жашоо баштайм. Алыс-алыс качып кетем. Аябай этиятташым керек, кармап алышпасын».

Качкан кулдарды абдан катуу жазалашчу. Темирди ысытып, денесине эн басып, же жыркычтарга салып беришчү. Бир ушул ой Онесимди айдактап баратты.

Анын аты «пайдалуу» деген маанини билдирчү. Өз кожоюнун тоноп качкан бул адамга аты туура келеби?

Ал башка өлкөдөгү жаңы жашоо жөнүндө кыялданган. Римде жашырынууну каалаган. Бирок ушундай чоң шаарда Онесим кожоюнунун досуна жолугуп калат деп ким ойлоптур?

Пабыл: «Болуптур эми, демек, сен качып кеткен турбайсыңбы».

Онесим: «Кул болгум келген эмес, чыныгы жашоону жашагым келген».

Пабыл: «Анан эмне болду? Азыр жашооңо ыраазысыңбы?»

Онесим: «Чынын айтсам, бардыгы башкача болот го деп ойлогом. Эх, эгер качпаган болсом… Эми уурдалган акчалар дагы… Мурдагы абалым мынчалык жаман эмес эле деп ойлойм».

Пабыл: «Онесим, жаңы жашоону сен башка жактан издептирсиң».

Римде жүрүп Онесим жаңы жашоого Ыйсада гана ээ болууга болорун түшүндү. Ыйса күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди жаңы адам кылат. Балдар, силер качандыр бир күнү жаңы жашоо баштагыңар келди беле? Ыйса силерге жаңы жашоо берет. Күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураган жана Ага таянган ар бир адамга Ал жаңы жашоо берет.

Онесим Машайакта жаңы жашоого ээ болду. Бирок ал андан ары дагы эмне кылышы керек эле?

Пабыл: «Кожоюнуң Филимонго кайра барганың сага баарынан жакшы».

Онесим: «Ал жакка кантип кайра барам?»

Пабыл: «Сен кабатыр болбо. Менден кат ала барасың. Мен ага кат жазып берем. Ал менин досум. Ал Ыйсаны сүйөт, ошондуктан сени жакшы кабыл алат».

Ошондой болду. Онесим Филимонго кайрылып келди.

Филимон: «Ошентип кайрылып келдиң. Биз сени жердин баарынан издедик».

Онесим: «Мырза, сизге кат алып келдим».

Филимон: «Кымбаттуу Филимон, сага Онесимди жөнөттүм. Ал Ыйса менен жаңы жашоо баштады. Эгерде ал сага чыгаша кылган болсо, мен төлөп берем, баарын жайына келтирем».

Филимон Ыйсанын жардамы менен эски ордунда жаңы жашоого ээ болгон Онесимди жакшы кабыл алды.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Онесим, Пабыл, Филимон

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 03:51 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)