STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 086 (Prayer prohibited 4)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

86. Мештеги керемет Сыйынууга болбойт 4


Падышанын министрлеринин Даниелден арылгылары келди.

1-министр: «Акыркы жаңылыктарды уктуңбу?»

2-министр: «Укпагандачы! Даниел падышалык боюнча экинчи адам болот имиш го. Муну болтурбоо үчүн бирдеме ойлоп табыш керек».

1-й министр «Бул оңой иш эмес».

2-й министр: «Мүмкүн анын туткан ишениминен бир шылтоо табаттырбыз? Ал Кудайга күндө үч маал сыйынат. Падышага сыйынууга тыюу салдырган мыйзам жөнөтсөкчү?»

Эмне кылганы үчүн? Даниел буларга эч жамандык кылган эмес эле да. Кудай аны өлкөдөгү жогорку орунга койду. Башкаларды кыжырдантып, ич тардыгын козгоп аткан нерсе ушул болчу.

1-министр: «Жүрү, тезинен падышага баралы! Ага жаңы мыйзамга кол койдуртуш керек».

2-министр: «Оо, улуу урматтуу Дарий падыша, бардык төрөлөр сиздин ушул мыйзамга кол коюшуңузду каалашты: кийинки 30 күн аралыгында сизден башка адамдан же кудайдан бир нерсе сураган адам арстандардын оруна ташталсын. Бул мыйзам өлкөгө жар салынып, бардыгы ага баш ийгидей болсун».

Алардын арам оюнан эч шеги жок падыша жаңы мыйзамга кол койду. Даниел жашоосунда дайыма Кудайды баарынан бийик койчу. Бул мыйзам эч нерсени өзгөртө алган жок. Даниел мурдагыдай эле Кудайга сыйынып жатканын душмандары көрдү.

1-министр: «Оо, улуу урматтуу Дарий падыша! Сизден башка адамдан же Кудайдан бир нерсе суроого тыюу салган мыйзамга жакында эле кол койдуңуз эле».

Падыша: «Ооба, туура».

2-министр: «Даниел болсо күнүнө үч маал Кудайга сыйынат. Биз өз көзүбүз менен көрдүк. Ал арстандарга ыргытылышы керек!»

Падыша: «Даниелби?»

Падыша Даниелди жакшы көрчү, аны коргогусу келди, бирок коргой алган жок. Мыйзам деген мыйзам.

Падыша: «Даниел, Кудайың сага жардам берсин!»

Ошентип, Даниелди арстандар жаткан орго ыргытышты.

Падыша түнү бою уктай алган жок. Таң атары менен арстандар жаткан орго шашылды.

Падыша: «Даниел, Кудайың куткардыбы сени?»

Даниел: «Оо падыша! Түбөлүк жаша! Кудайым периштесин жиберди. Ал арстандардын оозун тосуп койду, алар мага тийген жок».

Даниелдин тирүү калганына падыша аябай кубанды. Аны ордон чыгарууга буйрук берди. Даниелдин денесинде кенедей да тытык жок эле. Кудайдын керемети!

Падыша: «Менин падышалыгымда бардык адамдар Даниелдин Кудайын терең урматтасын. Ал – тирүү Кудай! Ал куткарат жана жамандыктан арылтат».

Даниелдин ишеними – эбегейсиз зор жемиштерди алып келди. Ага таянууң, ишенимиң үчүн тирүү Кудай сага да сыйлыгын берет.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, эки министр, падыша, Даниел

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 09:28 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)