STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 085 (The fiery oven miracle 3)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

85. Мештеги керемет 3


Шаарга туурасы 3 метр, бийиктиги 30 метр болгон буркан орнотушту. Аны байкабай калуу мүмкүн эмес эле, ал баарына көрүнөө жерде болчу!

Падыша жарчысы: «Падышанын бардык элдерге буйругун уккула! Музыка угулганда, баары чөгөлөп, Небухаданасар орноткон алтын бурканга таазим кылышы керек! Ким чөгөлөй жыгылып ага табынбаса, оту жалындап күйүп турган мешке ыргытылат!»

Эч ким эч нерсе деп сураган жок, баарына түшүнүктүү болду. Үч жаш жигит гана четте үнсүз турушту. Падышанын буйругуна алар суктанышпады. Аларды өздөрүнүн өлкөсү – Ысрайылдан көп жыл мурда туткундап келишкен. Аларды мекенинен ажыратышканы менен, Кудайына ишенимден ажырата алышкан эмес. Жигиттер падышанын буйругун аткара алышпастыгын түшүнүп турушту. Алар бурканга табынышмак эмес.

(Музыка) Баары чөгөлөп, бурканга таазим кылышты.

Үч дос гана таазим кылган жок. Бул байкалбай калбады.

Айыптоочу: «Улуу урматтуум, баары бурканга таазим кылсын деп буюрдуңуз эле. Мынабу үч жүйүт сиздин буйругуңузду аткарбай атышат!»

Падыша: «Эмне? Менин буйругумду аткарышкан жокпу? Тезинен алып келгиле мага аларды!»

(Даниелдин досторун падышага алып келишти)

Падыша: «Алтын бурканга таазим кылбай атканыңар чынбы? Мен силерге дагы бир мүмкүнчүлүк берем. Каршылык көрсөтө турган болсоңор, силерди оту алоолонгон мешке ыргытышат! Ошол оттон Кудайыбыз куткарат экен деп ойлобогула!»

Эгерде силер ушундай абалга туш болсоңор, силер үчүн кайсынысы баалуу болот эле: аман калуубу же Кудайга ишенимдүү калуубу? Үч дос көпкө ойлонуп турушкан жок.

Даниелдин досу: «Эгер Кудайыбыз кааласа, Ал бизди жалындаган оттон да куткара алат. Ал бизди куткарбай турган болсо да, биз Ага ишенимдүүлүгүбүздөн кайтпайбыз. Эмне кылсаңар да, биз бурканга таазим кылбайбыз!»

Бул жаш жигиттер Кудайды баарынан артык көрүшчү. Каарданган Небухаданасар мындай деди:

Падыша: «Мешке отту жети эсе күчтөп жаккыла да, буларды ыргыткыла!»

Ошентип аларды жалындап күйүп турган отко ыргытышты. Меш аябагандай катуу жагылгандыктан, аларды отко ыргыткан кызматчылар оттун табына күйүп өлүштү.

Падыша отту тигилип тиктеп турду.

Падыша: «Мештеги отто төртөө жүрөт! Бирөө Кудайга окшош экен!»

Падыша мештин оозун ачты.

Падыша: «Чыккыла, эң жогорку Кудайдын кызматчылары!»

Эч жери эч нерсе болбой, алар оттон чыгышты. Өрт алардын бир тал чачын да күйгүзбөптүр, атургай кийимдери да от жыттанган жок. Кудай аларды оттон куткарды.

Балдар, а силер Кудай ушундай кереметтерди жасаарын билесиңерби? Кайда гана болбогула, Ага ишенимдүү болгула!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, падышанын жарчысы, айыптоочу, падыша, Даниелдин досу

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 09:23 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)