STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 094 (Bad conscience 6)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

94. Булганган абийир 6


Рингу чет өлкөлүк адамдын органчасын уурдап алган. Эми аны абийири кыйнап атты. Уурулук эч кимге кубаныч алып келбейт. Балдар, муну силер түшүндүңөрбү? Кантип, эмнени уурдап алдыңар, дүкөндөн уурдадыңарбы же апаңардын капчыгынан уурдадыңарбы, айырмасы жок, абалды оңдоонун бир гана жолу бар.

Рингу ошол жолду тандады. Ыйсадан кечирим сурады да, уурдалган буюмду ээсине кайтарып берүүгө камынды.

Рингу өгүздөрүнө араба чегип, органчаны арабага салды.

Батту: «Рингу, эмне кылып атасың?»

Рингу: «Органчаны кайтарып берем».

Батту: «Акыл-эсиң жайындабы?! Эмнеге алдык анда, кайтарып бере турган болсоң? Ыйсага ишенип калганыңдан бери сени түшүнө албай жүрөм».

Рингу: «Арабага түш! Баарын жолдон айтып берем».

Рингу шаарга жетүүгө шашты.

Мерри айымды бат эле таап алганына кубанды. Ал Индияда Библиянын котормосунда иштечү.

Мерри айым: «Салам, балдар. Келгениңер жакшы болбодубу. Силердин жардамыңар керек болуп атты эле. Мага котормо үчүн корку тилиндеги бир нече сөздү тактоо керек эле. Жардам бересиңерби?»

Рингу: «Ооба, бирок мен адегенде Сахиб Грабб менен жолугушум керек эле».

Мерри айым: «Ал азыр жок. Катуу ооруп калып, Америкага учуп кеткен. Ага дарыгерлер жардам бере алган жок. Сахиб Грабб азыр асманда.

Рингу: «Сахиб асманда? Ыйса Теңир мененби? Албетте, ал ал жакта бактылуу… Бирок ал эми жаныбызда жок».

Мерри айым: «Жок, ал эми жаныбызда жок».

Бул кабар Рингуну кайгыга батырды, ал ыйлап атты.

Мерри айым: «Карасаң, менде сүрөтү бар. Кааласаң, алсаң болот».

Рингу: «Рахмат. Бул менин Сахибим. Ал мага Ыйса Теңир жөнүндө айтып берген».

Мерри айым: «Рингу, Кудайдын сенин жашооң үчүн планы бар. Мен ишенем, Ал сен аркылуу башкаларга Ыйса тууралуу айткысы келет».

Рингу: «Бирок мен… мен бир нерсени уурдап алгам. Ал тиги жакта, арабада».

Анын кылыгы эми жашыруун болбой калды. Рингу жеңилдей түштү.

Мерри айым аны кечирди. Ал арабага жүгүрүп барып, өзү уурдаган буюмду көтөрүп келди.

Рингу: «Жакшы калыңыз, Мерри айым. Эмки келгенде корку тилинде дагы көп сөз айтып берем. Азыр биз отун жыйнашыбыз керек».

Кайтып келаткан жолдо ал сыйынды.

Рингу: «Ыйса Теңир, мени кечиргениң үчүн рахмат Сага. Суранам Сенден, Сахибге айтып койчу, анын органчасын алып келип койдум. Мен бактылуумун. Мен Сага кызмат кылгым келет!»

Батту: «Рингу, мага Ыйса жөнүндө айтып берчи?»

Рингу: «Макул. Мен сага Ал жөнүндө күндө айтып берип турам!»


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Рингу, Батту, Мерри айым

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 10:00 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)