STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 003 (Pig slop or banquet dining)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

3. Чочконун тамагы же майрамдык той


Ата терезенин түбүндө кайгыга чөгүп отурду. Бир нече күн мурун баласы үйдөн кетип калган. Өзүнө тиешелүү үлүшүн алып, чыгып кеткен. Кетип баратып, кылчайып да койгон эмес!

Аны атасы жакшы көрчү. Уулу азыр кайда жүрдү экен? Кантип күн көрүп жатты экен?

Уулу санаасы жок, шапар тээп жашап жатты. Акчасы көп, достору да көбөйдү. Көңүл ачып, тойлоп жүрдү. Каткырып күлүп, ичкилик ичип, көптөгөн туура эмес иштерди кылды. Ызы-чуу, күрү-күү болуп эл чогулган жерлерде жүрдү. Ошентип жүрүп бат эле акчасы түгөнүп калды, достору да каяккадыр жок болушту.

Жумушу жок жашоо кыйын болду. Акыры жүрүп, бир фермерге жалданды. Кылар иши – чочколорго жугунду бермей! Өзүнүн жей турган тамагы жок, карды ачканынан ошол чочкого берген жугундуну да жегенге даяр эле, бирок аны да жедиришчү эмес. Ачка, кийиминин тамтыгы кеткен ал балит чочколордун жанында отуруп, ойго батты.

Атасы аны жакшы көрөт. Мурда неге ойлободу экен бул жөнүндө?

Ордунан турду да, мындай деп чечти:

Уул: «Үйгө барайын да, кылганымдын баарына өкүнөрүмдү атама айтайын. Мен ага каршы күнөө кетирдим, анын тилин албай, өзүм билемдик кылдым».

Атасынын алдында бардык катасын мойнуна алууну чындап каалады.

Элестеткилечи, атасы уулун алыстан эле көрдү. Ал уулун жакшы көрчү, чуркап алдынан тосуп чыкты!

Уулу бир нерсе айтып үлгүргүчө болбой эле, атасы катуу кучактап өптү. Кубанган ата кызматчыларын чакырып, мындай деп буйрук берди:

Атасы: «Батыраак таза кийим, шакек, бут кийим алып келгиле! Тойго даярдангыла! Уулум кайтып келди, той өткөрөбүз! Аны өлүк деп санашкан, бирок ал тирүү! Жоголду эле, эми табылып, мага кайтып келди!»

Балдар, ушул окуядагы ата уулун кандай жакшы көрсө, силердин ар бириңерди Кудай ошондой жакшы көрөт. Ал биз Ага келип, Аны менен жашашыбызды каалайт! Ошондуктан Ыйса ушул окуяны айтып берген.

Кудайдын сүйүүсү жөнүндө жана Ага кантип келиш керектиги жөнүндө көбүрөөк билгиң келеби? Анда бизге кат жаз!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, уул, ата

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 10, 2018, at 03:14 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)