STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 004 (Prayers can cause miracles)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

4. Ким сыйынса, аны менен кереметтер болот


Жайдын аптаптуу күнү эле. Чаңы сапырылган көчөнүн боюнда бир жарды адам отурган. Жолдон кишинин баскан табышы чыккан сайын колун сунуп, кайыр сурап жатты:

Бартымей: «Жардам бергилечи! Курсак тойгузгудай тыйын берип койгулачы!»

Кээ бирөөлөрдүн Бартымейге боору ооручу, башкалары көңүл деле бөлүшчү эмес.

Ошол күнү ал жолго Жерихо шаарындагылар бүт чогулгандай туюлду.

Бартымей: «Эмне болуп атат?»

Адам: «Ушул жолдо Кудай Уулу Ыйса келатат. Ал бардык элдерди жакшы көрөт, оорулууларды айыктырат, атургай өлгөндөрдү тирилтет!»

Сокур Бартымейде «Ыйса мени угат» деген үмүт пайда болду.

Ошондо ал болгон күчү менен кыйкырып, Ыйсаны көрө албаса да чакырып жатты:

Бартымей: «Ыйса, жардам бере көр! Ырайым кыл (эт)!»

Анын кыйкырыгы кээ бир шакирттердин тынчын кетирди, байкушту жемелеп киришти.

Адам: «Токтот! Бас үнүңдү, болбосо…»

Адамга Ыйсаны чакырганга тыюу салууга болмок беле? Албетте, болбойт! Бартымей адамдарга кулак салган жок, ал ого бетер күчөп кыйкырып, Ыйсаны чакырды:

Бартымей: «Ыйса Теңир, өтүнөм Сенден, жардам кыл!»

Ыйса баарын угат. Балдар, Ал силердин да сыйынууңарды угат.

Библияда Ыйса токтоп, сокурду алып келүүнү буйруганы айтылат.

Ыйса: «Аны мага алып келгилечи».

Бартымейди Кудай Уулуна жетелеп келишти. Сокур Аны көрө алган жок, бирок Анын жанында өзүн абдан бейпил, коопсуз сезди. Ыйсанын мээримдүү үнүн укту.

Ыйса: «Бартымей, каалаганың эмне? Сага эмне кылып берейин?»

Бартымей ойлонуп отурган жок. Анын эң чоң муктаждыгы эми сыйынуу болду:

Бартымей: «Теңир, көзүм көрсө дейм».

Ыйса анын каалоосун кабыл кылды.

Ыйса: «Көзүң көрсүн! Мага ишенген болсоң, анда Мен сени айыктырам».

Ошол замат Бартымейдин көзү ачылып, анын сыйынуусун угуп, жооп Бергенди көрдү. Кубанычтан толкунданган ал Ыйсага ыраазы болуп, ошол күндөн баштап чын жүрөктөн Анын жолун жолдоп жүрдү.

Кудай сага Библияда мындай дейт:

«Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү Мени чакыр, Мен сени куткарам, сен болсо Мени даңктайсың».


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Бартымей, адам, Ыйса

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 10, 2018, at 03:23 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)