STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 005 (God loves you)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

5. Кудай сени сүйөт


Салам, достор! Бизди угуп жатканыңар кандай сонун! Кош келдиңер!

Ар бириңерден сурагым келет: бүгүн маанайың кандай? Капасыңбы же көңүлүң куунакпы? Жалгызсырап жатасыңбы? Коркуп жаткан жоксуңбу? Дениң сакпы же ооруп жатасыңбы?

Өзүңдү кандай сезип жатасың билбейм, ошентсе да сага бүгүн эң сонун кабарды билдиргим келет: Кудай сени сүйөт! Кандай болсоң, ошондой сүйөт! Тирүү Кудай сен тууралуу асман менен жерди жаратып жатканда эле ойлогон.

Бул жарыкка төрөлө элегиңде эле Ал сен үчүн кубанган.

(Загрузить песню можно по ссылке http://emmanuel.org.ua/II/kids/songGodsLove_R.htm)

Песня «Божья любовь»:

Благодарны мы Тебе, Господь, что ты нас любишь,
Исцеляешь, радуешь, молитвы наши слышишь.
От невзгод и зла всегда ты нас оберегаешь,
Всё о нас Ты знаешь и всегда нам помогаешь.

Бог любит тебя, Бог любит меня. Наш Бог любит всех на свете людей.
Заботясь о нас в любой день и час, безмерно Бог любит всех нас.

Одинаково всех любишь: бедных и богатых.
Маленьких, как и больших, а сильных, как и слабых.
Очень любишь нас, ведь мы, Господь, Твоё творенье.
И с небес Ты даришь нам Своё благословенье.

Кудай дүйнө жүзүндөгү бардык адамдарды жакшы көрөт. Ал баарына керемет белек бергендиги Библияда жазылган: «Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакан 3:16).

Кудайдын сүйүүсү зор. Ал Өз Уулун биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүүгө жерге жиберген. Анын сөөгүн коюшкандан үч күн өткөндөн кийин Кудай Аны тирилткен. Азыр Кудай сени Ыйса Теңир сенин Куткаруучуң, Теңириң экенине ишенүүгө чакырат.

Кудай үнү: «Мен сени түбөлүктүү сүйүү менен сүйөм, ошондуктан сага ырайымдуу колумду сундум» (Жеремия 31:3).

Кудайдын чакырыгын кабыл аласыңбы? Кабыл алсаң, кубанычка ээ болосуң да, эч нерседен коркпойсуң. Кудай дайым сени менен болот. Анын сүйүүсү эч качан токтобойт. А сенин досторуң бул тууралуу билеби? Кудай аларды жакшы көрөрүн аларга да айтып бер.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Кудай Үнү

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 10, 2018, at 03:39 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)