STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 006 (9 to 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

6. Тогузу жана бирөө


Ыйса Теңир менен шакирттер көп чогуу жүрүштү. Библияны окусак, алар бүт Израил жерин жөө айланып жүргөнүн көрөбүз. Ал оорулууларды айыктырганда, Асмандагы Атасына сыйынганда, бороонго тынчтанууга буйрук бергенде, шакирттери Анын жанында жүрүү сыймыгына ээ болушту.

Лука жазган Жакшы Кабарда Ыйсанын бир жолу шакирттери менен чаңдуу жолдор аркылуу жүрүп отуруп, Самария менен Галилеянын ортосундагы чакан шаарга келишкени баяндалат.

Пес оорулуулар: «Ыйса, бизге жардам кыл, Теңир!»

Ыйсаны тааныганда он пес оорулуу мына ушинтип кыйкырышты.

Жакыныраак келип, шакирттер бул он адам пес оорулуу экенин көрүштү. Пес оорусу – коркунучтуу оору. Башында териде тактар пайда болот, андан кийин адамдын буту-колу чирип түшө баштайт баштайт. Пес оорулууларга үңкүрлөрдө же талааларда эле жашаганга туура келген. Аларга башка адамдарга тийүүгө болбойт эле. Алардан баары качышчу, бир Ыйсадан башкасынын баары.

Пес оорулуулар: «Ыйса, бизге жардам кыл!»

Ыйса: «Ыйык кызмат кылуучуга баргыла. Ал силерди карасын».

Ушуну айтып, Ыйса аларды ыйык кызмат кылуучуга – жыйындагы чогулуштарды алып барган, ошондой эле кадыр-барктуу медик болуп эсептелген адамга жөнөттү. Ыйык кызмат кылуучу гана бул адамдардын дени сактыгын, тазалыгын күбөлөндүрө алмак.

Он пес оорулуу дароо эле ыйык кызмат кылуучуга жөнөштү. Жолдо баратканда эле адаттан тыш өзгөрүүнү байкашты:

Пес оорулуулар: «Биз айыктык! Терибиз кайрадан таптаза көрүнүп калды!»

Алардын бири бурулду да, Ыйсаны көздөй чуркады. Анын жанына жетти да, алдына чөгөлөдү.

Пес оорулуу: «Денемди сакайтканың үчүн ыраазымын Сага, Теңир! Мен Сага абдан ыраазымын!»

Ыйса бул бактылуу адамга карады да, таң кала сурады:

Ыйса: «Мен он адамды айыктырбадым беле? А калган тогузу кана? Мага ыраазылык билдирип бирөө гана келдиби?»

Чындап эле, онунан бирөө гана ыраазы болду!

А силерчи, балдар? Бүгүн Ыйсага эмне үчүн ыраазылык айтат элеңер?


Катышуучулар: Айтып берүүчү, эки пес оорулуу, Ыйса

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 10, 2018, at 03:43 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)