Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 138 (An awful accident 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

138. Тирукмуштай жол кырсыгы 1


Шаарда кырдаал чыңалып турган. Ыр-күлкү да угулбайт. Баарынын жүрөгүндө коркунуч.

Бала багуучу: «Бул апааттуу согуш жакында токтоор».

Аял: «Шабул душманды жеңээр бекен?»

Биринчи болуп шаар дубалынан сакчылар шаарды көздөй качып келаткан адамды көрүштү. Ал согуш талаасынын алдыңкы катарынан кабар алып келатты. Өңүнө караганда жакшы кабар алып келаткандай көрүнбөйт.

Кабарчы: «Душман аскерлерди бөлө жарып кирип келди. Шабул падыша менен Жонатан төрө набыт болду. Качкыла! Качып кутулгула!»

Баары дүрбөлөңгө түшүштү. Көптөр шашып шаардан чыгып кетишти.

Эмне деген каран күн! Өзгөчө Мепибешет үчүн. Ал болгону 5 жашта эле, бирок ал баарын түшүндү. Атасы, Жонатан төрө өлүптүр.

Атасы эми эч качан келбейт, аны колуна көтөрбөйт. Атасы эми эч качан аны менен жаа атканга барбайт, ага окуяларды айтып бербейт. Мепибешет ыйлап атты.

Эми баланы бала багуучу карап атты.

Бала багуучу: «Кел бери, Мепибешет, биз кетишибиз керек. Бир мүнөт текке кетирбей кетиш керек!»

Алар шаша-буша падыша ордосунан качып чыгышты, ошондо кырсык болду.

Мепибешет: «Ай! Ай, бутум!»

Мепибешет жыгылып кетип, бутун катуу кокустаткандан, баса албай калды. Ошол кырсыктан кийин ал эки бутунан тең аксап калган. Бул анын өмүрүндөгү эң жаман күн болду. Атасы өлдү. Андан кийин аларга качууга туура келди. Анан дагы бул кырсык басты. Бала үйсүз калды.

Качкындар аз убакыттан кийин Ло-Дебар деген жерге келишти. Ло-Дебар «мааниси жок, эч нерсеге турбаган» деген маанини берет. Мепибешет өзүн так ушундай сезди. Ал эми эч кимге керегим жок деп ойлоду.

Сен дагы өзүңдү кээде эч нерсеге арзыбагандай сезесиңби? Эгер сен класстагы эң алдыңкы окуучу болбосоң, мелдештерде жеңишке жетишпесең, сага башкалардын бардыгы сенден артык сезилип, башкалардын баарын сенден артык сүйүшөт деп ойлойсуң.

Анда сен Мепибешетти түшүнө аласың. Ушундай абалда ал Ло-Дебарда көп жыл жашады.

Израилге падыша болгон анын Дөөт атасынын эң жакшы досу болчу. Бир жолу ал ойго батып ордодо басып жүрдү.

Дөөт: «Сиба, укчу, Шабулдун үйүнөн бирөө жарым тирүү калганбы?»

Сиба: «Ооба, Жонатандын уулу, аксак Мепибешет бар».

Дөөт: «Ал кайда жашайт?»

Сиба: «Ло-Дебарда».

Дөөт эмнени ойлонуштуруп койгонун эмки берүүдөн биле аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, бала багуучу, аял, кабарчы, Мепибешет, Дөөт, Сиба

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 06:44 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)