Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 139 (The King’s invitation 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

139. Падышанын чакыруусу 2


Падышанын арабасы Ло-Дебардын көчөсү менен зуулдап келатты. Көчөдөгү терезелер, пардалар ачык эле. Адамдар арабаны таңыркай карап атышты.

Аял: «Падышанын жарчылары Ло-Дебарда. Бул болуп көрбөгөн окуя!»

Кошуна: «Алар кимге келишиптир? Мүмкүн мэрге келип жүрбөсүн?»

Падышанын арабасы көргөндүн баарынын төбө чачын тик тургузуп, так Мепибешет жашаган үйдүн тушуна токтоду.

Аны Дөөт падыша чакырды. Мепибешет ишене алган жок. Аксаган, унутта калган жигитти падыша өзү чакырды! Ал кубангандан абдан толкунданды.

Мепибешетке ичиңер тарыбай эле койсун, балдар. Анткени ар бирибиз Падышадан – түбөлүктүү, падышалардын Падышасы Ыйсадан чакыруу алганбыз! Мепибешет Дөөт падышанын чакыруусун кабыл алгандай, сен Падыша Ыйсанын чакыруусун кабыл ал. Мен эч ким эмесмин деп ойлобо.

Аксак жигитти падышага алып келишти.

Дөөт: «Мепибешет, коркпо! Мен сага ырайым көрсөткүм келет».

Мепибешет: «Мен татыксызмын!»

Дөөт: «Мен сага жер берем. Ал жерде менин кызматчыларым иштешет. Үрөн себет, түшүм жыйнайт. Жер болсо, сеники болот».

Дөөт падыша Мепибешетти чакыртып келди да, ага тартууларды берди.

Түбөлүктүү Падыша Ыйса сени чакырат жана тартууларды бергиси келет!

Анын тартууларына баа жетпейт: кечирим, кубаныч, тынчтык, түбөлүк өмүр… баарын санап бүтө албайсың! Ыйсага кел, Ал сени баталасын.

Мепибешет падышанын чакыруусун кабыл алып, анын ырайымын кабыл алганына эч качан өкүнгөн жок. Бирок андан да сонуну аны алдыда күтүп турган.

Дөөт: «Мепибешет, меникине келип, мени менен жаша!»

Биздин көрүнбөгөн Падышабыз Ыйса сыяктуу. Ал да сен жекшемби күндөрү эле Ага келип койбой, ар күнү Аны менен жашашыңды каалайт. Сен да ушуну каалайсыңбы? Жүрөгүң менен да, акылың менен да Аны менен болууга умтуласыңбы?

Ыйса жашооңду жакшы башкарат. Ыйсадан жакшы падышаны мен билбейм. Дөөт падышанын чакыруусу Мепибешеттин жашоосун толук өзгөрттү. Ыйса Падышанын чакыруусу бүгүн сенин жашооңду толугу менен өзгөртө алат. Ыйса сени чакырат, сага ырайым көрсөткүсү келет. Сенин ар дайым Өзү менен болушуңду каалайт.

Анын чакырыгын кабыл ал. Сен сыйынып, Анын чакыруусуна жооп кылсаң болот. Ал сени угат.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, аял, кошуна, Дөөт, Мепибешет

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 12:18 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)