Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 140 (Dream job 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

140. Кыялымдагы кесип 1


Акырын, чай ысык. (стакан чайдагы кашыктын үнү)

Хадсон тилин күйгүзүп ала жаздады. Мындан 150 жылдай мурда Англияда чай уюштуруу салт болчу. Хадсондун үй-бүлөсү күндүн ушул маалында дайыма чай ичишчү. Үй-бүлө үчүн бул өзгөчө убакыт эле.

Чай үстүндө атасы дайыма балдарына алыскы Кытай өлкөсү тууралуу айтып берчү. Бир жолу ал абдан сурданып, мындай деди:

Атасы: «Эмне үчүн Кытайга барып, Ыйса жөнүндө айтып беришпейт? Миллиондогон кытайлыктар эч качан Ыйса жөнүндө угушкан эмес».

Хадсон: «Ата, мен чоңойгондо Кытайга барып, Кудайга кызмат кылам».

5 жашар уулунун бул сөздөрү ата-энесин жылмайтты. Хадсон алсыз, оорулуу бала болчу. Ата-энеси аны Кудайдын кызматчысы боло албайт деп ойлошкон. Ал мектепке да бара алган эмес да. Апасы аны үйдөн окутчу.

Хадсон аябай көп окучу.

Хадсон: «Түнкүсүн төшөгүмдө окуй албаганым кандай өкүнүчтүү. Апам чыракты алып коет. Бир-эки эски шам таап алайынчы».

Ошол кечте ал чөнтөгүнө билгизбей бир нече шам салып алды да, уктаганы жөнөдү. Тилекке каршы алардын үйүндө коноктор бар эле, анын бири Хадсонду уктаганы жибербей, мештин жанына отуруп, тизесине отургузуп алды. Хадсон ысып чыкты, чөнтөгүндөгү шамдар да ысыды. Мүнөттөр кылымга созулгандай болду.

Апасы: «Хадсон, убакыт келди, укта».

Хадсон: «Бейпил түн!»

Бир аз убакыттан кийин апасы анын бөлмөсүнө кирсе, чөнтөгүнө шам эрип, жабышып калыптыр. Хадсон апасын алдаганга аракет кылганы үчүн өкүндү. Ошондон кийин ал эч качан андай кылган жок.

Хадсон окуу менен катар, эжеси Амелияны кыжырдантканды жакшы көрчү. Бирок негизинен алардын жаны бир эле, коңуздарга, куштарга чогуу байкоо жүргүзүшчү.

Он үч жашында Хадсон дарыканачылык ишти үйрөнө баштаган. Ал келечекке зор план койгон.

Бир жолу майрамда анын жашоосу толук өзгөрдү. Бир машайакчылык мазмундагы китепти окуп, Ыйса аны – Хадсонду сүйгөндүктөн өлүп, кайра тирилгенин түшүндү.

Хадсон: «Ыйса Теңир, мени сүйгөнүң үчүн Сага ыраазымын. Мен Сеники болгум келет. Сен эмне десең, ошонун баарын аткаргым келет. Оомийин».

Сыйынып жатканында Ыйса Өзү ага: «Кытайга барып, Мага кызмат кыласың» деп айткандай сезилди».

Ал 5 жашында Кудайга кызмат кылам деп кыялданчу. 17 жашка толгондо, ал келечекке даярдана баштады.

Балдар, мүмкүн анын даярдыгы силерге да дем-күч берер.

Эмки берүүдө дагы көп нерсе айтып берем. Өткөрүп ийбегиле!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, атасы, Хадсон, апасы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:56 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)