STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 128 (No more thirst)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

128. Мындан ары чаңкабоо


Көп айылдаштары бул аялдан оолакташчу.

Самариялык аял: «Баары эле мага сөөмөй кезешет. Өздөрүнүн жашоосу эле укмуш, төрт тарабы шайма-шай болуп кеткенсип! Сууга барганда эч кимди жолуктурбасам экен».

(Таш жолдогу кадамдардын үнү угулат)

Чак түштөгү куйкалаган ысыкта самариялык аял кумурасын алып, айылдан чыкты. Мындай убакта бирөөнү жолуктурушу арсар эле. Шекемдин тургундары сууга адатта эртең менен же кечинде барышчу.

Самариялык аял: «Мына сага! Кудукта отурган ким?»

Ыйса: «Суу алып берип койчу!»

Самариялык аял: «Мени менен эмнеге сүйлөшүп атасың? Сен жүйүтсүң, а мен самариялыкмын».

Жүйүттөр самариялыктар менен мамилелешпесин бул бейтааныш киши билбейби? Анткени самариялыктар башка элдер менен аралашып, буркандарга табынып кетишкен да. Ооба, Ал муну билген. Бирок ал четке кагылгандардан эч качан оолактаган эмес. Ыйса андай эмес эле.

Ыйса: «Менин Ким экенимди билсең, сен Менден суу сурайт элең, Мен сага тирүү суу берет элем!»

Самариялык аял: «Сууну кантип сузат элең? Кудук терең да».

Ыйса: «Ал суудан ичкен адам суусабай калат. Мен берген суу суусунду биротоло кандырат!»

Биздин каалоолорубуз чаңкоого окшош. Кандырарың менен кайра жаңысы пайда болот. Ошентип аягы жок улана берет. Адамдын жүрөгү эч качан тойбойт. Жүрөктүн чаңкоосун кызык окуялар менен да, сыйлыктар менен да, достор, же дагы башка бир нерселер менен да кандыруу мүмкүн эмес. Бул чаңкоону бир гана Адам – жанагы кудуктун жанында отурган Адам гана кандыра алат. Аял муну түшүндү.

Самариялык аял: «Мага ошол суудан берчи, мен бул жакка экинчи келбейин».

Ыйса: «Бар, күйөөңдү ээрчитип кел».

Самариялык аял: «Менин күйөөм жок».

Ыйса: «Билем. Сенин беш күйөөң болгон. Азыр жашап жатканың, чынында эле, күйөөң эмес».

Ыйса ал тууралуу бардыгын билген. Ошондо да Ал андан четтеген жок.

Самариялык аял: «Сени Кудай жибериптир. Мен Куткаруучу келерин билем».

Ыйса: «Ал Менмин».

Ыйса анын бардык күнөөлөрүн кечирип, ага жаңы жашоо берди. Аял сүйүнгөнүнөн кумурасын таштап салып, айылга чуркады.

Ал баарын Ыйсага чакырып жатты.

Мен да силерди чакырам, балдар. Ыйсага келгиле! Ыйса менен таанышканда Шекемдин жашоочулары айткан сөздөрдү силер да айтасыңар. Алар мындай дешкен:

Бөбөк: «Эми мен Ыйсага ишенем. Сен мага айтып берген үчүн эмес, мен өзүм Аны менен таанышкандыктан. Ал чынында эле дүйнөнүн Куткаруучусу!»


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Самариялык аял, Ыйса, бөбөк

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 04:11 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)