STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 127 (Too late)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

127. Эми кеч


Алар жээкке сүзүп келишип, кайыктан түшүштү. Акыры жетти! Жайыр Ыйсага абдан муктаж болчу. Топ элдин ичинен кысылышып келип, Ыйсанын бутуна жыгылды.

Жайыр: «Кызым өлүм алдында жатат. Тезирээк! Ага колуңду тийгизчи, ал айыксын».

Ыйса аны менен басты. Шашылуу керек эле. Аңгыча Ыйса токтой калды. Эмне болду?

Ыйса: «Мага ким колун тийгизди?»

Киши: «Билбейм. Топ эл Сени кысып турбайбы».

Ыйса бурулуп, артында калтырап турган аялды көрдү.

Аял: «Мен кийимиңе колумдун учун эле тийгизейин дегем. Он эки жыл оорудум, бир да дарыгер, бир да дары жардам бербеди. Болгон акчамдын баарын дарыланууга жумшадым, текке эле кетти. Бирок Сенин кийимиңе колумду тийгизерим менен айыктым!»

Ыйса: «Сени ишенимиң куткарды. Коркпо!»

Ишеним жардам берет! Ыйсага ишенип калганыңар үчүн силер эч качан өкүнбөйсүңөр. Же эмне, Ал силердин ишенимиңерди актабайт деп ойлойсуңарбы?

Чабарман: «Жайыр кайда? Жайыр, кайрат кыл, кызың көз жумду».

Ал он эки гана жашта болчу. Ошол учурда Жайыр ишенимин дээрлик жоготуп койду. Шамдын оту шамалдан өчкөндөй өчүп кала жаздады.

Ыйса: «Коркпо. Бирок ишен!»

Ыйсанын бул сөздөрү анын араң эле бүлбүлдөп турган ишенимин кайрадан жалындатты.

Жайырдын үйүнөн катуу ый, өкүрүк чыгып жатты.

Ыйса: «Эмнеге ыйлап атасыңар? Кыз өлгөн жок».

Ыйсанын сөзүнө баары күлүштү, анткени кыздын өлгөнүн өз көздөрү менен көрүшкөн. Ыйса кыздын бөлмөсүнөн баарын чыгарууну буюрду. Жанына ата-энесин жана Өзүнүн үч жакын бир тууганын гана калтырды. Бөлмөдө тынчтык өкүм сүрдү. Мүмкүн Жайыр Ыйсанын «Коркпо, бирок ишен!» деген сөзүн ойлонуп тургандыр. Бирок мындай абалда ал кантип ишенип, эмнеге таяна алат эле?

Ыйса өлүп жаткан кыздын жанына барды да, колунан алды.

Ыйса: «Талита куми! Кызым, турагой!»

Ата-энеси кыздын көздөрүн ачып, төшөгүнөн турганын көрүштү.

Ыйса: «Ага тамак бергиле».

Ооруларды айыктырган, өлгөндөрдү тирилткен Теңир ушундай деди.

Ыйса баарын кыла алат! Бир гана нерсени кыла албайт: Ага ишенгендердин ишенимине жооп бербей коё албайт!

Ошондуктан жашооңордо эмне гана болбосун, Ыйсанын: «Коркпо. Бирок ишен!» деген сөзүн эсиңерден чыгарбагыла.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Жайыр, Ыйса, аял, чабарман

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 12:15 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)