STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 102 (Out in the open 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

102. Бардыгы айкын болот 2


Бөбөктүн тирүү калышы эле Кудайдын керемети болчу. Фараон ысрайылдын эркек төрөлгөн балдарынын баарын дарыяга ыргытууну буйрук кылган. Ал эми бул бөбөктү фараондун кызы – ханбийке өзү таап алган. Нил дарыясындагы себеттен таап, ага боору ачыган. Ханбийке аны ымыркайдын апасына бир нече жыл багууга тапшырган.

Муса (бала чагында): «Апа, эмнеге мага сени менен калууга болбойт? Сен мени менен барбайсыңбы?»

Апасы: «Мага болбойт, берекем. Бирок мен сени эч качан унутпайм».

Муса (бала чагында): «Сени менен калгым келип атат».

Айласыз алар бири-биринен ажырады.

Ханбийке баланы багып алып, атын Муса койду.

Муса эң жакшы мектепке барып, абдан жакшы окуду. Ага урмат көрсөтүшчү. Ал чоңоюп, бай адам болду.

Бирок ал эч качан өз элин унуткан жок. Ал жүрөгүндө 300 жылдан бери Мисирде кулчулукта жүргөн Кудайдын элинен экенин билчү.

Муса: «Мен падышанын уулумун. Менде мага керектүүнүн бардыгы бар. Мен абдан баймын. Эмне экен? Мунун эмне мааниси бар? Жүрөгүмдөн сезип турам, өз элиме жардам беришим керек».

Муса Кудай үчүн бардыгынан баш тартты. Ал ханзаада катары урмат-сый көргөнгө караганда, кул катары шылдың болуп, жек көрүндү болгонго даяр болду.

Ал падышанын өргөөсүн таштап кетти. Бир аз убакыттан кийин египеттик бир киши ысрайылдыкты уруп атканын көрүп калды. Эки жагын карап, эч ким жок экенин байкады да, египеттикти өлтүрүп, шашкалактап, өлүктү кумга көөмп салды.

Кудай Мусанын өз элин кулчулуктан куткарышын каалаган, бирок мындай жол менен эмес.

Мусанын кылыгын бат эле билип калышты. Бул кабар фараонго жетип, ал Мусаны өлтүрүүнү чечти.

Ошондо Муса башка өлкөгө качып кетти. Ушуну менен баары бүттүбү? Мусадай киши өлтүрүүчү Кудайга жаккан иш кыла алат беле?

(койдун маараган үнү) 40 жыл бою Муса бир адамдын койчусу болуп, кой кайтарды. Койлор менен жашыл жайыттарда отурганда, ой жүгүрткөнгө анын убактысы абдан эле көп болчу. Муса Кудайды унуткан жок, Кудай да аны унуткан жок.

Бир жолу Муса укмуштай бир нерсе көрдү.

Муса: «Көргөн көзүмө ишенбей турам! Мындай болушу мүмкүн эмес да! Бадал күйүп аткансыйт, бирок күйүп кетпейт! Таң калыштуу, күйүп эле атат, күйүп эле атат, бирок күйүп бүтпөгөнү кандай!»

Күйүп турган бадалдын сыры тууралуу кийинки берүүбүздөн биле аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Муса (бала чагы), апасы, Муса

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 10:48 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)