STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 040 (The small sailboat)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

40. Кичинекей жел кайык


Акыры жай да келди, Талгат көптөн күткөн каникул башталды. Эми ал көпкө чейин уктайт, каалаган иштерин кылат.

Ал кайык жасайын деп чечти. Атасы устаканага келип, анын аспаптарын колдонгонго уруксат берди. Талгат кичинекей жел кайык жасап, аны кызыл, көгүш түстөргө боёду. Үч мачттын ар бирине ак желбирек такты. Кудуңдап кубанган бойдон кайыгын көтөрүп алып, сууга коё бермекке деңиз жээгине барды. Бир топ бала жанына келгенин байкабай калыптыр.

Бала: «Өзүң жасадыңбы? Муну азыр деңизге коё беребиз!»

Талгат оозун ачканга үлгүрбөй калды, бирөө бир муштаганда камышка кулады. Ал жактан чыкса, жээкте балдар да жок, кайыгы да жок.

Буркурап ыйлагысы келген ал кайыгы жок үйгө жөнөдү.

Атасы: «Көңүлүңдү чөгөрбө! Мен сага жаңы жел кайык сатып берем».

Талгат: «Ата! Мага өзүм жасаган кайык керек».

Бир топ күндөн кийин Талгат дүкөндүн көрнөк текчесинен жел кайык көрүп калды.

Талгат: «Ата, менин кайыгым!»

Атасы: «Так ошолбу?»

Талгат: «Ооба, дал өзү! Карасаңыз, маңдайында мен койгон белги турат!»

Талгат дүкөнгө чуркап кирип, сатуучуга мындай деди:

Талгат: «Бул кайык силердики эмес. Ал меники!»

Таң калып калган сатуучуга атасы болгон окуяны айтып берди.

Сатуучу: «Бул жел кайыкты мага балдар алып келишкен. Мен алардан сатып алгам. Силерге өз баасына, өзүм сатып алган баага берейин, башка ылдый түшүрө албайм».

Талгат макул болуп, өзү жасаган кайыкты акча төлөп сатып алды.

Жолдо баратып, ал кайыгына мындай деди:

Талгат: «Менин кайыгым! Сен эки жолу меникисиң. Биринчи жолу мен сени жасап алдым, экинчи жолу – сатып алдым».

Атасы: «А сен өзүң эки жолу Кудайдыкысыңбы, же андай эмеспи?»

Талгат: «А кантип эки жолу Кудайдыкы болобуз?»

Атасы: «Ушундай эле. Кудай адамды жараткан, бирок адам күнөө кылып, Кудайдан кетип калган. Ошондо Ыйса айкаш жыгачта өлүп, биз кайрадан Кудайдыкы болушубуз үчүн, Өз өмүрүн берип кун төлөдү».

Талгат: «Мен эки жолу Кудайдыкы экенимди кантип билсем болот?»

Атасы: «Ыйсадан күнөөлөрүңдүн баарын кечирип, жашооңо киришин сура, ошондо сен Кудайдын баласы болуп каласың. Ошондо сен эки жолу Анын баласы болуп, эки жолу Кудайдыкы болосуң».


Катышуучулар: Айтып берүүчү, бала, Талгат, атасы, сатуучу

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 10:31 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)