Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 161 (Can the dead live 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

161. Өлгөндөр жашай алабы 2


Балдар, сыйынганыңарда Ыйса силер каалагандай жооп бербесе, эмне кыласыңар? Ага капа болуп, сыйынбай калат белеңер?

Атургай бир тууганы өлүп калса да, Марта андай кылган жок. Ыйса акыры келгенде Лазардын мүрзөгө коюлганына төрт күн болгон болчу.

Марта: «Эх, Ыйса, эртерээк келгениңде бир тууганым өлбөйт эле!»

Ыйса: «Лазар тирилет».

Марта: «Сот күнүндө, Кудай бардык өлгөндөрдү тирилткенде тирилерин билем».

Ыйса: «Мен – тирилүү жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, тирилет. Ушуга ишенесиңби?»

Марта: «Ооба, Сен – Кудайдын Уулу экениңе ишенем!»

Дайыма Ыйсага ишенген баарынан жакшы. Аны түшүнбөй атканыңарда да, баары бир Ага ишене берүү баарынан жакшы.

Марта үйүнө шашты.

Марта: «Мариям, сени Ыйса күтүп атат».

(Кыздын чуркап баратканы угулат) Мариям бир тууганы эмнеге өлүп калганын түшүнө алган жок.

Ал көз жашын көлдөтүп Ыйсага чуркап келди.

Мариям: «Ыйса, Сен бул жерде болгондо Лазар өлбөйт болчу!»

Ыйса: «Аны каякка койдуңар?»

Мариям: «Жүрү, мен Сага көрсөтөм».

Алар оозуна чоң таш коюлган мүрзөгө келишти. Алар менен кошо көп кошокчулар да келди. Ыйса да ыйлады.

Киши: «Ал ыйлап атат. Лазарды аябай жакшы көрчү».

Киши: «Анда эмнеге анын өлүп калышына жол берди?»

Ыйса: «Ташты жылдыргыла!»

Мартанын үрөйү учту.

Марта: «Теңир, ал төрт күн мурун өлгөн. Жыттанып кетти да!»

Ыйса: «Марта, Мага ишенсең, Кудайдын даңкын көрөсүң».

Дайыма Ыйсага ишенген баарынан жакшы. Атургай эң жаман нерсе болуп өтсө да.

Аны түшүнө албай турганда да, баарынан жакшысы Ага ишенүү. Адамдар ташты жылдырышты. Ыйса асманды тигиле карады.

Ыйса: «Ата, Сен дайыма Менин сыйынуумду угасың. Лазар! Чык!»

Керемет болду! Өлүк киши мүрзөдөн чыкты!

Бул кереметти көргөн көптөр Ыйсага ишенип калышты. Эч нерсеге карабай, дайыма Ыйсага ишене берүү баарынан жакшы. А сен Ыйсага ишенесиңби?


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Марта, Ыйса, Мариям, эки адам

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 08:21 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)