Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 162 (Detective seeks co-workers)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

162. Из кубарлар


Анын жумушу аябай көп, ага бир кызыктуу иш боюнча жардам керек. Балдар, силер ага жардам бере аласыңарбы?

(Эшиктин коңгуроосу шыңгырайт) Бул ошол болуш керек.

Издөөчү: «Салам! Менин атым Талгат Тапалак. Мен издөөчүмүн. Мага силерден жардам керек. Ооба, так силердин жардамыңар керек. Мага 1000 сот ишин чечүү керек».

Көбүртүп ийдиң го.

Издөөчү: «Макул, 999 иш! Мына, биринчи иш. Бул толук жашыруун. Ишенчээк адамдарды бул адам мындан ары алдабашы үчүн, муну тезинен чечүү керек. Алдамчы шылуун чөнтөктөн акча уурдайт. Жакындан бери эле. Аны кармаш керек. Изделүүчүнүн сүрөттөлүшү мындай: кичинекей, чымыр денелүү».

Жандырмактын ачкычын Библиядан табууга болот, Лука жазган Жакшы Кабар, 19-бөлүм, 2-аят.

Лука 19-бөлүм, 2-аят бул адамды тапканга жардам берет. Библияңар жок болсо, жазып ийгиле, силерге жөнөтүп ием.

Издөөчү: «Экинчи иште абайлаш керек. Бул адамдын жанында куралы бар. Ал эң эле жаман сөздөр менен Кудайга акарат келтирет. Ага өзүнүн изин жашыруу оңой эмес. Анын бутунун өлчөмү 73 болуш керек!»

Жазып алгыла, Библиянын кайсы жеринен тапса болорун:

1 Шемуел 17, 4-аят. Кайталайм: 1 Шемуел 17, 4-аят.

Библиянын мазмунун карап таап алсаңар да болот.

Издөөчү: «3-иш өзгөчө мааниге ээ. Бул адамды акыркы жолу дарыянын жээгинен көрүшкөн. Анын кийими төөнүн жүнүнөн, жакшы көргөн тамагы кытырак картошка эмес, бал менен чегиртке (жөтөлө тамагын тазалайт). Ал баарын Кудай менен жашоого, күнөө кылууну токтотууга чакырат. Көптөр аны угуп, күнөөлөрүн моюнуна алып, ачыкка чыгарышат. Бул адамды тапсам, мага андан ары иштөөгө жеңил болот эле».

Жандырмактын ачкычы Матай жазган Жакшы Кабардын 3-бөлүмүнүн, 1-аятында. Матайдын Жакшы Кабары, 3-бөлүм, 1-аят.

Ал өзүнөн кийин Келүүчүгө жол даярдоочу болгон. Ал эми андан кийин Келүүчү ким экенин Матайдын Жакшы Кабарынын 1-бөлүмүнүн 21-аятынан биле аласыңар.

Балдар, жообуңарды бизге жазып жиберсеңер, издөөчү Талгат Тапалак аябай кубанат.

Издөөчү: «Туура! Тезирээк жазгыла! Бул иштердин баары шашылыш!»

Ишиңер кызыктуу болсун!

Издөөчү: «Издөөчү Талгат Тапалак».


Катышуучулар: Айтып берүүчү, издөөчү Талгат Тапалак

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 12:34 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)