STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 068 (The showdown 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

68. Жекеме жеке 1


Эки эскимос – Түндүк Америкада жашаган адамдар – чанада баратышты. Бири Колли, бири бакшы Куппа. Аларды муз үстүндө сүйрөп бараткан иттерди маал-маалы менен чаап коюшат. Капысынан Колли мөңгүдөн акырын чыккан шыңгыр үндү укту. Аны Куппа да укту.

Ал ышкырды эле, иттер токтоп калышты. Эскимостор тумактарын алышты. Аларды коркунуч басты. Муз кандайдыр бир ыр ырдап жаткансыйт. Бул ыр аларга тааныш эле: ал муз алдындагы толкунду кабарлачу. Мындай толкундар кокусунан келип, эң эле калың муз катмарын да сындырчу.

(муз жарылганынын үнү)

Колли: «Ишенимдүү иттер, тезирээк! Жээкти көздөй сызгыла! Катуу толкундар жакындап келатат. Биз өлүп калабыз!»

Куппа: «Колли, көрүп атасыңбы, тетигинде чаналар жүрөт?»

Колли: «Соо немелерби! Алар толкунду көздөй баратышпайбы!»

Куппа: «Аларга эскертиш керек».

Алар чаналардын жанына келишти. Куппа эскимостор шаарындагы машайакчыларды көрдү. Аларга эскерткиси келбеди. Анткени ал аларды жана алар дайыма баарына айтып жүрүшкөн Ыйсаны жаман көрчү. Куппа менен Колли Наиндин Канада жээгине аман-эсен жетип алышты.

Куппа: «Ырас, баары жакшы бүттү».

Колли: «А тигилерчи?»

Куппа: «Алар өлүшү керек. Эми алардын Ыйсасы бизге көрсөтсүнчү, кубаттуу толкундардан күчтүү бекен чын эле. Ха-ха!»

Эки эскимос муз үй курушту. Куппа тюлендин терисинен жасалган тонду алып, чакан дүкөнгө барды. Дүкөндүн сатуучусу музда калган машайакчынын аялы эле.

Куппа: «Бул тонду тетиги мылтыкка алмаштырайын дедим эле».

Аял: «Бизге тон керекпи, керек эмеспи, билбейм. Күйөөм келгиче күтө турсаңыз болот».

Куппа: «Ал келбейт».

Аял: «Ал эмне дегениңиз?»

Куппа: «Катуу толкундар жакындап келатат».

Аял: «ЖАНАГЫ катуу толкундарбы???»

Үрөйү учкан аял бакшыны карады. Ал терезени ачканда, аял муздардын коркунучту кабарлаган ырын укту.

Аял: «Куппа, эмне үчүн аларга айтып койгон жоксуң?»

Куппа: «Эмне кереги бар? Ыйса жардам берсин, эгер жардам бере алса».

Аял эс-учун жоготуп коё жаздады. Капысынан дубалда илинип турган, «Мага жердеги жана асмандагы бардык бийлик берилди» деген Ыйсанын сөзү көзүнө урунду.

Аял: «Ал жардам бере алат! Ыйса бир да беттешүүдө жеңилген эмес!»

Куппа: «Эмне дейбиз, беттешүү башталды. Эгерде күчтүү толкундарга карабай, алар кайтып келишсе, анда мен да Ыйсага ишенем».

Аял: «Куппа, алар кайтып келишет. Мен анык билем!»

Анын бекем ишеними бакшыны олку-солку кылды. Бул беттешүүдө ким жеңер экен? Куппабы же Ыйсабы? Бул тууралуу кийинки берүүбүздөн билесиңер.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Куппа, Колли, аял

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 02:55 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)