STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 067 (Proof of Jesus)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

67. Ыйса үчүн документтер


Сания: «Бул чындык экенине кантип шек саноосуз ишене алам?»

Эмне жөнүндө айтып атасың?

Сания: «Ыйса жөнүндө. Ал чын эле Кудайдын Уулу экенин кантип далилдей аласың?»

А сен Сейил экениңди кантип далилдейсиң?

Сания: «Мен күбөлүгүмдү көрсөтө алам. Ыйсанын күбөлүгү жок болгону кандай өкүнүчтүү».

Эмнеге жок болгон? Мен сага Ыйсанын бир эмес, беш күбөлүгүн көрсөтө алам!

Сания: «Чын элеби? Анын беш күбөлүгү болгонбу?»

Биринчи күбөлүгүн Ыйса Кудайдан алган. Ал сууга чөмүлдүрүлгөндө асмандан угулган үн жарыялаган.

Кудай (жаңырык коштогон үн): «Бул Менин сүйүктүү Уулум. Ага ишенгиле!»

Экинчи күбөлүк – бул Библия. Кудай Уулу тууралуу бардык пайгамбарчылык Ыйсада 100% аткарылган.

Кудайдын Уулунун үчүнчү күбөлүгү – Анын тирилиши. Ал тирүү. Аны тирилгенден кийин көргөн көптөр күбөлөндүрүшөт. Төртүнчү күбөлүктү Ага Аны жакын тааныган адамдар беришкен.

Адамдар: «Чындыгында Ал – Кудайдын Уулу».

Сания: «Дагы бир күбөлүк калды».

Азыр биз Кана деп аталган айылга сапар алабыз. Ошол жерден сен акыркы күбөлүктү көрөсүң. Үйлөнүү той болуп жаткан. Эки жашка кошулуп бүт айыл жети күн тойлошту. Ыйса да достору менен тойго чакырылган. Баса, Ыйсанын достору Анын Кудайдын Уулу экенине жакшы ишенише элек болчу. Коноктор кубанып, ырдап-бийлеп, жеп-ичип отурушкан. Бир убакта карашса эле, шарап түгөнүп калыптыр. Дасторконго койгонго үйдө шарап жок.

Сания: «Кандай ыңгайсыз абал…»

Муну баарынан мурда Мариям көрдү. Бул тууралуу ал Ыйсага айтты. Ал болсо кызматчыларга мындай деп буюрду:

Ыйса: «Идиштерге суу толтургула».

Алар кудуктан 600 литр суу алышты. Анан...

Ыйса: «Сузуп алып, той башкаруучуга бергиле, ичип көрсүн».

Той башкаруучу шараптан бир уурттады да, күйөө балага жетип келди.

Той башкаруучу: «Мындай шарапты кайдан алдыңар эле? Өмүрүмдө мындай даамдуу шарап ичип көргөн эмесмин!»

Ыйса таза сууну эң мыкты шарапка айлантты!

Бул Ыйса аткарган эң биринчи керемет болчу. Кереметтер бизге Ыйса чынында эле Кудайдын Уулу экенин күбөлөндүрөт. Шакирттер бул кереметти көрдү да, Ыйсага ишенип калышты.

Мага Кудайдын Уулунун ушул беш күбөлүгү эле жетиштүү. Мен Ага ишенем. А сенчи?


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Сания, Кудайдын үнү, адамдар, Ыйса, той башкаруучу

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 11:36 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)