STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 069 (The showdown 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

69. Жекеме жеке 2


Дасторкондо шорпо муздап баратты. Тамакка эч ким тийген да жок. Эки отургуч бош турду. Алар ушу бойдон бош калабы?

Машайакчы: «Баары куру убара! Эскимостордун арасында жашаганыбызга 30 жыл болду, бирок алар такыр эле ишенишпейт. Алар – муз жүрөк!»

Машайакчы аял: «Эми башыбызга бул кайгы түштү. Эки миссионер муз менен баратып, күчтүү толкундар өздөрүн көздөй жылып келатышканын билишпейт. Алар аман калбайт, баарыбыз бул бакшыга шылдың болобуз!»

Машайакчы: «Багынбайбыз. Келгиле, андан көрө сыйыналы. Ыйса кааласа бизди куткарат. Ага жердеги жана асмандагы бардык бийлик берилген!»

Алар сыйынышты, океан болсо удургуп жатты. Катуу толкундар муздарды жарып кетти. Чанадагы эскимостор катуу кыйкырды.

Мозес: «Муз жарылып атат! Өлгөнү калдык!»

Эскимос: «Иттерди эркин кой, өздөрү жол табышсын!»

Мозес: «Алга! Коопсуз жээкти көздөй!»

Иттер жебедей атырылып жөнөштү. Жарылган муз алдынан суунун кубаттуу агымы атылып чыкты. Муздун майдаланган бөлүкчөлөрү алардын көз алдында, жолдорун бөгөп, туш тарапка чачылды. Дээрлик эс-учун жоготуп, алар аскага жетишти. Чаналар суу менен асмандын ортосунда асылып калган. Иттер андан ары чуркай алышкан жок. Мозес бурулуп, шумдукту көрдү. Аларды көздөй килейген муз көтөрүлүп келатыптыр. Бул муз аларды аскага капшыра турган болсо, эч нерселери калбайт. Мозес Ыйсага кыйкырып жалбарды.

Мозес: «Ыйса Теңир, бизди сактай көр!»

Муз күрүлдөп келип, алардын алдынан чаналарын кошо көтөрдү да, жээкке ыргытты.

Мозес менен эскимос: «Куткарылдык! Куткарылдык!»

Аларга экинчи бийик толкун жабылганда, алар андан да бийик көтөрүлүштү. Чолоо жери калбай суу болгон алар дагы өйдөрөөк, коопсузураак жерге жылышты. Дагы тогуз күн алар чоң коркунучта болуп, кайрадан муз тоңгондон кийин гана үйлөрүнө кайтышты. Кудай аларды сактады. Колли куткарылгандарды алыстан эле көрдү.

Колли: «Куппа, алар келатышат. Келатышат!»

Куппа: «Ким келатат?»

Колли: «Машайакчылар. Ыйса беттешүүдө жеңди!»

Куппа: «Койсоңчу! Чындап элеби?! Тогуз күндөн кийинби… катуу толкундан тирүү кайткан жан болгон эмес!»

Бакшы аларга коркунуч болорун айтып койбой, океандагы ажалга таштаган. Бирок Кудайдын керемети болду: алар чарчап-чаалыгышса да, аман-эсен кайтып келишти.

Куппа бул кереметти моюндап, Ыйсага ишенип калды. Бул окуядан кийин көптөгөн эскимостор Ыйсага ишенип калышты.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, машайакчы, машайакчы аял, Мозес, эскимос, Куппа, Колли

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 02:59 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)