STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 167 (Super idea, Aunt Margret 5)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

167. Маргарет эженин эң сонун ою 5


Рут менен Филип Терриге деген белекти ороп алып, жолго чыгышты. Белектерди көрүп, алардын досу кандай таң каларын элестетип атышты.

Токойдон аларга Терринин апасы жолукту. Ал жалгыз аяк жолдо ыйлап баратыптыр. Рут аны сооротууга аракет жасап, ага аны сүйүү менен издеген, ага жардам бергиси келген Жакшы Кайтаруучу Ыйса жөнүндө айтып берди.

Филип: «Биз бир нерсе ала келгенбиз (тыйындардын үнү). Бизде болгону ушул. Бул акчага Терриге сүт алып берсеңиз болот».

Апасы: «Рахмат, силер ак пейил экенсиңер. Баргыла, Терри силерди күтүп жатат». (кадамдардын үнү)

Филип: «Рут, акчанын баарын берип салганыма ачууланып атасыңбы?»

Рут: «Жок, ачууланган жокмун. Жакшы Кайтаруучу да Өзүнүн өмүрүн биз үчүн берген. Биз да сараң болбошубуз керек».

Терри белектерге кубанды. Бирок ал аябай капалуу экен, белектер деле көңүлүн көтөргөн жок.

Терри: «Дарыгер айтты, мен айыкпайт экем. Мындан көрө өлгөнүм жакшы, өлгүм келип атат».

Филип менен Рут Кудай алардын сыйынуусун укканынан шектенип калышты. Эмне үчүн Кудай керемет кылган жок?

Кечинде алар үйгө көңүлдөрү чөгүп келишти. Маргарит эже конок үйдү аябай жыйнаптыр.

Маргарит эже: «Терри менен апасын кечки тамакка чакыралы, кандай дейсиңер балдар?»

Рут: «Эң жакшы! Сонун ой!»

Террини тез жардам машинасы менен алып келишти. Бөлмө ага абдан жакты. Керебетин терезенин жанына коюшту».

Терри: «Кандай сонун!»

Терри дубалдагы сүрөттү карап калды. Жакшы Кайтаруучу Ыйса куткаргысы келип, адашкан козуга колун сунуп турат.

Терри: «Рут, Кайтаруучу таап алган козусун колуна көтөрүп алган сүрөтүм болушун каалап атам».

Пастор Робинжер балага ошондой сүрөт алып келип берди. Анда көп койдун сүрөтү тартылыптыр. Бир козуну көтөрүп алып, алдыда Ыйса келатат.

Терри: «Ал аны каякка алып баратат?»

Пастор: «Үйүнө».

Терри: «Анын үйү кайда?»

Пастор: «Ыйсанын өзүнүн үйүндө. Ал жакта ый да, оору да болбойт».

Терри: «Оору болбойбу? Баары ошол жакка барышабы?»

Пастор: «Жакшы Кайтаруучуга таандык болгондордун бардыгы барышат».

Терри: «Мен да Ага таандык болуп, Анын үйүнө баргым келет!»

Терри сүрөттү колуна кармаган бойдон сыйынды да, уктап калды.

Бул эмне? Түн ортосунда кадамдардын үндөрү угулду?

Бул тууралуу эмки берүүбүздө биле аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Филип, Рут, апасы, Терри, пастор, Маргарит эже

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 08:42 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)