STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 166 (Must Terry die 4)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

166. Терри өлөт 4


Филип: «Рут, сен кандай деп ойлойсуң, Терри өлүп калабы?»

Рут: «Жок. Аны айыктыр деп, Ыйсага сыйындым».

Филип: «Мен дагы, бирок Ыйса сыйынуумду уктубу, билбейм».

Рут: «Эгерде сен Жакшы Кайтаруучунун козуларынын бири болсоң, анда Ал сени дайыма угат».

Филип: «А мен кантип Анын козусу болом?»

Рут: «Анын баласы болгуң келип атканын Ага айт».

Рут Филипке пастор берген Жакшы Кайтаруучунун сүрөтүн көрсөттү. Филип аны көпкө карады.

Филип: «Ооба, мен Анын козусу болгум келет. Сен чыгып турчу. Мен Ага өзүм жалгыз сыйынгым келет».

Бир нече мүнөттөн кийин Рут байкесинин жүзү жаркырап чыгып келатканын көрдү. Эми ал Ыйсага таандык. Алардын кубанычына дагы кубаныч кошулду. Алар Терриден кат алышты. Ал минтип жазыптыр:

«Кымбаттуу досторум Филип, Рут! Мен ооруканадан чыктым. Меникине конокко келгиле. Мен Уилден токоюнда, суу боюндагы кайың алачыкта жашайм. Досуңар Терри».

Суу боюндагы кайың алачык? Демек алардын досу ошол жепирейген алачыкта жашачу турбайбы?

Филип акырын эшикти тыкылдатты (тыкылдак).

Апасы: «Силерге эмне керек?»

Рут: «Бизди Терри чакырган».

Апасы: «Аа, баягы Терри кырсыктаганда жанында жүргөн силерсиңерби? Киргиле!»

Терри керебетте кыймылсыз жатыптыр. Ал аябай арык жана купкуу экен. Досторун көрүп ыйлап жиберди. Филип менен Рут эмне айтарын билбей калышты. Бөлмөнүн ичи ушунчалык күңүрт тартып, аба жетишпей турду. Терри катуу оорудан кыйналып атыптыр. Түшкү тамакка бир чыны чай, бир кичинекей кесим нан жеди. Филип менен Рут алардын досу ушунчалык жарды экенин элестете да алышкан эмес.

Үйгө келип, баарын Маргарит эжеге айтып беришти. Алар эми Терриге күн сайын барып турушмак болду.

Филип: «Мен ага токойдун сүрөтүн тарткан альбомумду алып барып берем».

Рут: «А мен ага бир баштык алма жана Жакшы Кайтаруучу жөнүндө жазылган Библияны алып барып берем».

Филип: «Апасына чогулткан тыйындарыбыздан 5 доллар берели. Терриге сүт алып берсин».

Рут: «3 доллар эле жетет го?»

Филип: «Акчанын баарын эле алып алалычы, канча бериш керек, жолдон чечебиз».

Алар ошондой кылышты.

Тапкылачы, алар токойдогу чыйыр жолдон кимге жолугушту?

Бул тууралуу кийинки уктурууда.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Филип, Рут, апасы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 12:43 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)