STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 112 (Mirror of the truth)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

112. Күзгүлөр чындыкты айтат


Балдар, силер бүгүн күзгүгө канча жолу карандыңар?

Мурат күзгүдөн өзүн карады. Анын кебетеси бир шумдук эле. Бирок ал самын алып, бетинин кирин жуугандын ордуна, күзгүнү алды да, кыжыры кайнап жерге бир чапты. (айнек сынган үн)

Кээ бир адамдар Библияны ушундай кылышат. Библия күзгү сыяктуу чоңдорго да, кичинелерге да жашоолорундагы туура эмес нерселерди көрсөтүп берет. Бул көптөргө жакпайт.

Мындан көптөгөн жылдар мурун Жеремия деген пайгамбар жашаган. Ал элге Кудай Сөзүн жарыялачу. Эл Жеремияга Мурат күзгүнү сындыргандай мамиле кылышкан. Анын сөздөрү бардык эл үчүн күзгү сыяктуу эле. Бирок эл өзгөргүсү келген жок. Кудай аларга көпкө чыдады – бүтүндөй 50 жыл.

Кудайдын үнү: «Жеремия, түрмөк кагаз алып, Мен эмне айтсам, ошонун баарын жаз».

Бул ишке бир нече ай кетти. Жеремия өзүнүн катчысына Кудайдын Сөзүн айтып берип турду, катчысы ар бир сөздү жазып атты.

Жеремия: «Барух, акыры ишибизди бүтүрдүк. Билесиң да, ийбадатканага киргенге мага уруксат беришпейт. Бул түрмөк кагаздарды алпарып бер».

Түрмөк кагаздарды үн чыгарып окушту. Михей анда жазылгандардын баарын укту. Ал падыша үйүндөгү төрөлөргө катылды.

Михей: «Барух ийбадатканада Кудай Сөзүн окуп берди. Биз такыр мындай жашабашыбыз керек эле. Кудай бизди жазалайт».

Төрө: «Ал кишини түрмөк китеби менен бул жакка ээрчитип келчи».

Барухту алып келишти. Кудайдын Сөзү төрөлөрдүн жүрөктөрүнө күзгү болчу.

Төрө: «Барух, бул сөздөрдү кантип жаздың?»

Варух: «Жеремиянын айтып берүүсү менен. Ал айтып турду, мен жазып аттым».

Төрө: «Бул тууралуу падышага айтышыбыз керек. Барух, Жеремия экөөң жашынгыла. Кайда экениңерди эч ким билбеши керек».

Жайаким падыша өзүнүн аземделген кышкы үйүндө, мештин жанында отурган. Анын жашоосунда көп нерсе туура эмес эле. Бирок ал Кудайды такыр уккусу келген жок. Ага 3-4 мамыча окуп беришкенден кийин, ал турду да, окулган бөлүгүн бычак менен кесип алып, отко ыргытты. Түрмөк китеп түгөнгүчө ал ушундай кылды. Акыры түрмөк толугу менен өрттөлдү.

Бирок Жеремия менен Барух жашынган жеринен ал сөздөрдүн баарын кайра жазып чыгышты. Кудайдын сүйүүсү зор. Анын Сөзү, балдар, биз үчүн да жазылып калышы үчүн Ал кам көрүп койду.

Библияны күн сайын окугула деп кеңеш берем. Ал силерди өзгөртсүн!

Кудай силердин жакшы көрүнүшүңөрдү, өзгөчө жүрөгүңөрдүн жакшы көрүнүшүн каалайт.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Жеремия, Кудайдын үнү, төрө, Барух, Михей

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 11:23 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)