STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 111 (A promise is a promise)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

111. Убада орундалат


1-душман: «Колго түшүп бергиле! Биз силерди жеңдик!»

2-душман: «Падышаңардын айтканына ишенбегиле. Ал алдап атат!»

1-душман: «Биздин Санхейрип падыша – эң күчтүү!»

2-душман: «Ха-ха, силерден кайсы жоокер чыкмак эле! Жолу болбогон бир байкушсуңар!»

1-душман: «Кудайга таянып атсаңар, бүткөнүңөр ошол!»

Ассириялык душмандар Иерусалимди курчап алышты. Алардын 200 миң аскери бар эле.

Шаар дубалдарындагы сакчылар үнсүз турушту. Хиския падыша мынчалык аскерге каршылык кыла албасын билди. Бирок анын душман шек ала албаган, дайыма жеңиш алып келе турган бир куралы бар эле.

Хиския бул куралын колунда эмес, жүрөгүндө кармап турган. Ал курал: Кудайга таянуу болчу. Кимдин мындай куралы бар болсо, ал эч качан душмандан коркпойт.

Хискиянын элчиси: «Хиския падыша, Санхейриптен кат алып келдим».

Хиския: «Коркпогула. Кудай биз тарапта. Ага таянабыз!»

Хиския катты алып, сыйынуу үчүн ийбадатканага кирди:

Хиския: «Теңир, Сен биздин Кудайыбызсың. Жападан жалгыз Падыша Сенсиң. Бизди куткар, тирүү Кудай Сен экениңди көрүшсүн!»

Кээ бир адамдар адам Кудайга ишенсе эле анын жашоосунда баары жеңил болуп калат деп ойлошот. Бирок Библияда мындай деп айтылган эмес. Биз чындап Ага таянарыбызды сынаш үчүн, жашообузда кыйынчылыктарга жол берет.

Хиския бул сыноодон татыктуу өттү, Кудай ага мындай деди:

Кудай Теңир мындай дейт: Мен сенин сыйынууңду уктум. Душман бул шаарга бир жебе да жибере албайт.

Чынбы? Бир да жебеби? Ушундай болушу мүмкүнбү? Кандайча?

Кандайча экенин кийинки күнү баары көрүштү.

Киши: «Карасаңар! Душман жеңилди!»

Киши: «Жердин баары эле кишинин өлүгү. Душманды ким талкалады?»

Библияда Кудай түн ичинде жиберген периште 185 миң аскерди өлтүргөнү айтылат. Ошондуктан шаарга бир да жебе атылган эмес.

Кудай берген убадасын аткарат.

Библияда, 32-забурдун 4-аятында жазылгандай: «Теңирдин Сөзү чындык, Анын бардык иштери туура».

Кудай Сөзүн оку, Ага таян. Ошондо сен Кудай Хискиянын тушунда кандай болсо, азыр да так ошондой экенин өзүң көрөсүң. Ал берген убадасынын баарын аткарат.

Библияңар жок болсо, жазып жибергиле. Биз силерге белек кылып, салып иебиз.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, эки душман, Хиския, Хискиянын элчиси, киши

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 11:20 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)