STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 110 (Only 8 and already King)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

110. 8 эле жашта, бирок падыша


(Ызы-чуу) Амон падышага каршы кутум уюштурушту.

Амон деген ат ишенимдүү, ишенчиликтүү дегенди билдирет. Бирок ал андай эмес эле. Айрыкча Кудайга карата мамилесинде. Ал жыгачтан, таштан жасалган буркандарга табынчу. Бурканга табынуу – Кудайга укмуштай жаман акарат келтирүү.

Кызматчы: «Өлтүрөбүз аны! Ал өзүнүн бөлмөсүндөбү?»

(Эшиктин ачылганы, ызы-чуу, кыйкырыктар угулат) Амон падышаны өзүнүн кызматчылары өлтүрүштү. Анын ордуна тактыга уулу келди.

Жошия жөнүндө уктуңар беле? Ал 8 эле жашар кезинде падыша болгон, Кудайга акарат келтирген эмес, Кудайды сүйчү.

Библияда Жошия тууралуу сонун айтылган: ал Кудайга жакканды кылган!

Сенин жашооң тууралуу ушундай деп айтууга болобу? Кудайга жакканды кылууну жашооңо ураан кылып алсаң болот. Ыйса биздин Кудайга жакпаган бардык иштерибизди кечирет. Андан кечирим сурасаң болот, Ал сени угат.

Жошия Кудайды сүйгөн, эр жеткенде бүт өлкө боюнча бардык буркандарды жок кылды, Кудайга акарат келтирген нерсенин баарын жок кылды.

Ойлонуп көрчү, сен жашооңду тазалашың керектир? Телефонуңда, төшөгүңдүн астында катылган уят-сыйытсыз видео-журналдарды жана бардык Кудайга жакпаган нерселерди ыргытууң керек эмеспи?

Жошия өз жашоосун иретке келтирди. Ал муну бүт жүрөгү менен кылды, анткени Кудайды сүйчү.

Жошия: «Ийбадаткананы карагылачы! Кудайдын үйү акыр-чикир таштаган жерге окшош! Курулушка керек-жарактарды алгыла да, ишке киришкиле!» (Курулуш жүрүп аткан үн)

Ыйык кызмат кылуучу: «Карагылачы, мен бир нерсе таап алдым. Тетиги бурчта мобу түрмөк кагаздар жатыптыр. Тезинен Жошия падышага алпаралы!»

Кудайдын Сөзү, Библия бурчта чаң басып жаткан. Алардын жашоосунда Кудай биринчи орунда эмес экени таң калычтуу деле эмес.

Ыйык кызмат кылуучу: «Жошия падыша, бул түрмөк кагаздарды чаң басып жаткан жерден таптык».

Жошия падыша: «Үнүңөрдү чыгарып окугулачы».

Падыша Кудайды бүт жүрөгү менен сүйбөгөн адамдарды Кудай эмне кылганы тууралуу укту. Ал сөздөр анын сөөгүнөн өтүп, жүлүнүнө жеткендей болду, жерге отуруп, ыйлап жиберди. Эли Кудайдан ушунча алыс калып, Анын даңкына шек келтиргенине ал аябай өкүндү.

Ошол окуядан көп өтпөй Кудай Жошияга мындай деди:

Кудай: «Мен бул шаарды жазалайм. А сага Мени сүйгөндүгүң үчүн, ырайым кылам».

Жошия падыша кары-жаш дебей чогултуп, аларды Кудайды сүйүүгө, Ага жашоодо эң биринчи орунду берүүгө үндөдү.

Балдар, эгер силер ошол жерде болсоңор, бул чакырыкка жооп кылат белеңер?


Катышуучулар: Айтып берүүчү, кызматчы, Жошия, ыйык кызмат кылуучу, Кудайдын үнү

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 11:17 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)