STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 113 (Can your God do everything)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

113. Мүмкүн силердин Кудай чынында эле баарыдыр


Кыял: «Үмүтай, элестет! Мага азыр эле 200 сом беришти. Кудайдын кызматчылары үчүн акча керек болуп, сыйынганымды эч ким билген эмес».

Үмүтай: «Айи-ий, анан, эмне кылайын деп атасың?»

Кыял: «Ата-энем мага акча бергенде, мен дайым бир бөлүгүн Кудайга берем, Кудайдын кызматчылары үчүн жыйнай берем. Чолпон эже жакында алыскы бир районго Ыйсанын төрөлүшү майрамына карата бир чоң баштык белек жөнөтөт. Менин аябай куурчак кошуп койгум келип атат. Куурчак алайын деп, дүкөнгө баратам. Мени менен барасыңбы?»

Үмүтай: «Албетте!»

Алар оюнчук саткан дүкөнгө барып, чачы узун, абдан кооз көгүш көйнөк кийгизилген куурчакты тандап алышты. Куурчактын акчасын төлөп, Кыял менен Үмүтай Чолпон эженин үйүнө жөнөштү.

(Эшиктин коңгуроосу шыңгырап, эшик ачылат)

Кыял: «Саламатсызбы Чолпон эже! Муну белек салган баштыкка салып коёсузбу, сураныч».

Чолпон эже: «Ой, Кыял, кечирип койчу, баштыкты таңып, оозун чаптап салгам да».

Кыял: «Жоок, Чолпон эже! Бул куурчакты сөзсүз салыш керек, мен даана билем. Анткени Ыйса мага акча берген аны сатып алганга!»

Кыздын айтканынан кайтпастыгын көргөн Чолпон эже, баштыкты ачууга аргасыз болду.

Кыял: «Чо-оң рахмат, Чолпон эже! Бул куурчак үчүн Кудайдын бир планы бар».

Алыскы райондогу балдар үйүнө жардам берип жүргөн Айгүл эже куурчакты Кудай ким үчүн жөнөткөнүн баамдап койду. Балдар үйүндө Адина деген зээндүү бир кыз бар эле.

Ал таланттуу, окуганга дилгир эле. Бирок ал кереметтерди жасай алган, аны жакшы көргөн Кудай тууралуу уккан эмес. Айгүл эже Ыйсага ишенчү. Бул тууралуу балдар үйүндө баары билишчү. Бир күнү Адина Айгүл эжеден мындай деп сурады:

Адина: «Сиздин Кудайыңыз баарын жасай алары чынбы?»

Айгүл эже: «Ооба, Кудай кыла албай турган эч нерсе жок».

Адина: «Анда Ал мага чачы узун, көгүш көйнөгү бар куурчак берсинчи. Ошентип сураңызчы, өтүнөм!»

Кудай Адинанын бул каалоосун кандайча аткарарын Айгүл эже элестеткен да эмес. Баштыкты ача калып эле, сыйынганына Кудайдын керемет жооп бергенин көрүп, таң калып эле калды! Мындай кокустук болушу мүмкүн эмес эле!

Айгүл эже: «Ыйса Теңир, ыраазымын Сага, Сен чындап эле баарын кыла аласың! Сенден суранам, Адинага Сени таанууга жардам бер».

Айгүл эже куурчакты кооздоп ороду да, Адинага белек кылды.

Айгүл эже: «Мына, Адина, кара, Ыйса Теңир сага белек жөнөтүптүр». (кагаздын шуудураганы)

Адина: «Айииий, Кандай сулуу! Мен так ушундай куурчак жөнүндө кыялдангам!»

Адина так секирип кубанды. Капыстан өңү ойлуу боло түштү.

Адина: «Айгүл эже, Ыйса чын эле баарын кыла алат да, ээ? Мен Ага ишенем, Ал менин каалоомду аткарды. Эми мен жүрөгүмдү тазалашын суранам. Мен толугу менен Ыйсаныкы болгум келет».

Ошол күнү Айгүл эже экөө Ыйсага кайрылышты. Адинанын жүрөгүнө майрамдын чыныгы кубанычы толду. Ыйса баарын кыла алат! Бул тууралуу ал көптөргө айтып берди.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Кыял, Үмүтай, Чолпон эже, Адина, Айгүл эже

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 12:01 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)