STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 078 (Lou Ling makes a decision)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

78. Лу Линг чечим чыгарат


Лоу Линг катуу бушайман болуп турду. Кире бериштеги эшиктин үстүндөгү текчеде турган буркан аны ойго салды. Бул кыз Кытайда жашачу, анын ата-энеси бул жыгачтын бир кесиндисин кудай дешчү.

Калп. Бул акылга да сыйбайт. Тирүү Кудай асманда, а бул статуэтка – жансыз буркан. Анын колдору бар, бирок эч кимге жардам бере албайт, оозу бар, бирок сүйлөй албайт, кулагы бар, бирок укпайт.

Адамдар бурканга табынып, Тирүү Кудай буга тыюу саларын билишпейт. Теңир мындай дейт: Мен Теңир, сенин Кудайыңмын, башка кудайларга табынба, жалгыз Мага гана табын!

Лоу Линг ушул тууралуу ойлонду.

Лоу Линг: «Чындап эле биздин текчеде Тирүү Кудай отурабы?»

Ал машайакчылык мектепке барчу жана жалгыз, чыныгы Кудай тууралуу уккан. Ал Өзүнүн Уулун дүйнөгө ар бир адамдын күнөөсүнүн кунун төлөп, өлүшү үчүн жибергенин билчү. Кудайдын Уулу үчүнчү күнү тирилип, азыр тирүү экени тууралуу баяндар аны суктандырчу.

Кимдики туура? Кайсы Кудай чын? Ыйсабы же алардын үйүндөгү статуэткабы?

Лоу Линг: «Аа, мен таптым! Үйдөгү бурканды короого алып барып, жерге көөмп коём. Эгерде ал тирилсе, анда ал чыныгы Кудай!»

Лоу Линг күрөк алып короого чыкты да, бурканды жерге көөмп койду. Өзүнүн тапкан оюна ыраазы болуп, үйүнө кайтты. Бир күн өттү. Экинчи күнү ал буркандын күмбөзчөсүнө барды да, жерди бир аз чукуп көрдү. Статуэтка ошол эле жерде жаткан экен. Ал үчүнчү күндү чыдамсыздык менен күттү. Акыры ал күн да келди, буркан мурдагысындай эле жаткан экен.

Лоу Линг: «Эми мен мен үчүн өлүп, кайра тирилген Ыйса Теңирге ишенем!»

Лоу Линг туура чечим чыгарды, натыйжада Тирүү Кудай ар дайым жанында экенине жана эч качан калтырбай тургандыгына ал кийин көп жолу ынанды.

Кудай Өзүнүн Сөзүндө мындай дейт:

«Мен Теңир, Сенин Кудайыңмын. Менден башка кудайларың болбосун. Сен үчүн эч нерсе Менден маанилүү болбошу керек!»


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Лоу Линг

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 08:47 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)