STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 077 (The tomb is empty)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

77. Бош мүрзө


Ыйса Теңирдин достору Анын сөөгүн айкаш жыгачтан алышты да, асканын бооруна оюлуп жасалган, жаңы мүрзөгө коюшту. Мүрзөнүн оозуна чоң ташты жылдырып келип коюп коюшту.

(жалпыга жеткиликтүү музыка ойноп турат)

Кыз: Алаканын мык көзөп,

Биз үчүн каны төгүлгөн.

Асылып айкаш жыгачка,

Күнөөнүн кунун төлөгөн.

Шакирттер үйгө чогулушту. Алар терең кайгыга батып, Ыйсаны эстеп отурушту. Ал эмне үчүн өлгөнүн эч кимиси түшүнө албады. Өзгөчө Петир мүңкүрөп отурду. Ал үч жолу Аны тааныбайм деп айтып, Ыйсадан баш тартканы үчүн да өкүндү. Коркоктугу үчүн өзүн өзү кечире албады. Бирок кеч болуп калган. Ыйса өлдү.

(жалпыга жеткиликтүү музыка ойноп турат)

Бала: Канын төктү биз үчүн,

Бейишке баары кирсин деп.

Мойнуңа алсаң өкүнүп,

Бүт күнөөңдү кечирет.

Капыстан эшик шарт ачылды.

Мариям: «Ал тирүү! Ыйса тирүү! Эми Ал мүрзөдө жок!»

Башка Мариям: «Бул ажайып кабарды бизге Периште билдирди. Петир, Ал бизге бул тууралуу өзгөчө сага айтууну буюрду. Ыйса тирүү!»

Петир: «Ал силерге тирүү экенин мага айтууну буюрдубу?»

Петир андан ары отура алган жок. Буту бутуна тийбей мүрзөнү көздөй чуркап жөнөдү. Аны менен кошо Жакан да чуркады. Алар мүрзөнүн ичин карашса, чындап эле ал жерде Ыйсанын денеси жок болуп чыкты. Ошондо алар Ыйса тирилгенине, Ал кайрадан тирүү экенине ишеништи. Бул тууралуу башка шакирттерге да айтып берүү үчүн, алар кайрадан чуркап жөнөштү.

(жалпыга жеткиликтүү музыка ойноп турат)

Кыз менен бала: Ыйса көпкө жаткан жок,

Өлгөндөр жатчу мүрзөдө.

Сен үчүн да, мен үчүн

Тирилди Пасах күнүндө!

Петир үчүн жана шакирттер үчүн да. Ыйса биздин бардык каталарыбыз, жаза баскан кадамдарыбыз үчүн өлгөн. Ушунчалык көп туура эмес иштерди кылган бардык адамдар үчүн – биз үчүн Ыйса өлүп, тирилген!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Мариям, башка Мариям, Петир, бала, кыз

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 08:59 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)