STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 029 (Behind closed doors)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

29. Жабык эшик артында


Шакирт: «Жакан, эшикти жапсаң. Мен аларга ишенбейм. Ыйсаны өлтүрүштү, эми бизге келишет». (Жабылып аткан эшиктин тыкылдаганы)

Ыйсанын шакирттери жабык эшиктин артында көңүлдөрү чөгүп отурушкан. Алар эмне, Ыйсанын тирилгенин билишкен эмеспи? Мариям аларга айтпады беле.

(эшик тыкылдайт)

Эмаустан келаткан 1-шакирт: «Бул биз!»

Эмаустан келаткан 2-шакирт: «Ачкыла!»

Шакирт: «Клеопа? Силер Эмаустан кайттыңарбы?»

Эмаустан келаткан 1-шакирт: «Биз Ыйса менен сүйлөштүк! Ал тирүү!»

Шакирт: «Аны кайдан көрдүңөр? Баарын толук айтып бергилечи!»

Эмаустан келаткан 2-шакирт: «Адегенде биз Аны такыр тааныган жокпуз».

Эмаустан келаткан 1-шакирт: «Мындай болду: биз сүйлөшүп баратканбыз. Капысынан эле бирөө жаныбызга келип, биз менен сүйлөшө баштады».

Эмаустан келаткан 2-шакирт: «Ал биз эмне тууралуу сүйлөшүп атканыбызды сурады. Мен: "Иерусалимде болуп өткөн окуяны жалгыз сен эле билбейсиң го? Ыйсаны керип салышты!" Ал бизге Кудай ушундай болушу керек экенин мурда эле билдиргенин түшүндүрдү».

Эмаустан келаткан 1-шакирт: «Ал Жазууну аябай жакшы билет экен. Маек бизди тынчтандырды. Убакыт кандай өткөнүн билбей да калдык, биздин айылга жеткенде караңгы кирип калыптыр».

Эмаустан келаткан 2-шакирт: «Аны кечки тамакка чакырдык. Ошол жерде баары айкын болду. Ал нан алып, сыйында да, сындырып бизге берди. Ошондо тааныдык: ЫЙСА! Ал Өзү экен! Бирок биз ошону түшүнөрүбүз менен Ал жок болуп кетти. Көз алдыбызда. Капысынан эле Ал жок болуп калды!»

Эмаустан келаткан 1-шакирт: «Бул чындык! Баары так ушундай болду. Биз Ыйсага жолуктук, анан Анын тирүү экенин силерге айталы деп, шашып кайттык!»

Адамдар Ыйса менен жолукканда, бул тууралуу унчукпай коё алышпайт, баарына айта башташат. Бул эки шакирт калган бардык шакирттерге эмне болгонун бүт бойдон айтып үлгүрүшө электе эле бөлмөдө капысынан Ыйса пайда болду. Ал шакирттерге колдорун, буттарын көрсөттү.

Ыйса: «Тынчтык силерге! Бул Мен».

Шакирттер ошондон кийин ишеништи. Ыйса тууралуу угуу жакшы, бирок Аны менен жолугушуу гана бардык шектенүүлөрдү жок кылып, кубаныч тартуулайт. Кийинки уктуруубузда Марина менен Света бизге өздөрүнүн Ыйса менен жолугушуусун айтып беришет.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, шакирттер, Эмаустан келаткан эки шакирт, Ыйса

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 11:12 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)