STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 030 (Meeting Jesus)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

30. Ыйсаны жолуктуруу


Балдар, силер 2000 жыл мурун жашап, Ыйсанын Өзү менен таанышсак, Анын Өзүн көрүп, сөзүн уксак кандай сонун болот эле деп, ойлонуп көрдүңөр беле?

Мээрим, Ыйса менен таанышуу бактысына кантип ээ болуп калдың?

Мээрим: «Апам бизди үйдөн балдарга арналган китептер менен окутчу. Асманга Ыйса аркылуу гана барууга боло тургандыгы жөнүндө, биздин ордубузга өлгөндүктөн, бизди Ал гана кечире ала тургандыгы жөнүндө сүйлөшчүбүз. Ыйса Өзү эч качан күнөө кетирбесе, бирок башкалар үчүн ушундай жакшылык кылса, демек Ал бизди абдан жакшы көрөт да деп ойлондум. Ошентип, Аны жүрөгүмө чакырууну чечтим».

А жүрөгүңө кантип чакырдың?

Мээрим: «Сыйынып, сыйынуумда Аны чакырдым».

Андан кийин эмне болду?

Мээрим: «Андан кийин мен Ага дайым сыйынып, Ага баарын айтып бере баштадым. Мени эмне капа кыларын айтам, мага жардам бергени үчүн ыраазычылык айтам. Ал мени жаңы адам кылып койду. Эми мен билем, жанымда дайыма таяна ала турган Бирөө бар, Ал эч качан жолго калтырбайт!»

Жаркынай, сен да Ыйсаны билесиңби? Баары эмнеден башталганын айтып берчи бизге.

Жаркынай: «Баары мага жагып калган бир ырдан башталган»

Ыр.
Эч нерсе, эч нерсе, таптакыр эч нерсе
Сүйүүңдү тартып ала албайт.
Эч нерсе, эч нерсе, таптакыр эч нерсе
Сенден бизди бөлө албайт.

Өлүмдө же өмүрдө,
Бийиктикте, тереңде
Өзгөрбөй турат бир нерсе
Бийликтер, падышалар
Тоскоолдук сага кыла албайт,
Сүйүүңдү тартып ала албайт.

«Мен ушул ырды ырдап, бул жеке мага да тийиштүү чындык экенин улам терең түшүнө баштадым. Ошол күнү бул жөнүндө апам менен сүйлөштүм да, аны менен чогуу сыйындым. Ыйса менен ушинтип тааныштым. Андан менин жашоомо киришин сурандым, дароо ийинимен оор жүк түшүп калгандай сезилди. Өзүмдү ушунчалык жеңил жана эркин сездим! Кандай болсо да, эч ким Ыйса менен жолугушууну кийинкиге калтырбаш керек. Ыйса менен жолугуу – бул керемет!»

Балдар, Ыйса силердин да Өзү менен таанышышыңарды каалайт. Анткени Ал силерди абдан жакшы көрөт!

Ал мындай деген: «Мага келген адамды Мен кубалабайм» (Жакан жазган Жакшы Кабар 6:37).

Сен деле Мээрим сыяктуу Анын алдында күнөөлөрүңдү мойнуңа алып кайрылсаң, Жаркынайга окшоп, жашооңо киришин сурансаң болот. Ыйса сыйынууңа жооп берет. Ошентип, сен Кудайдын баласы болуп каласың!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Мээрим, Жаркынай

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 01:09 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)