STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 018 (Breakfast per airmail 3)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

18. Авиакаттам аркылуу эртең мененки тамак 3


Илияс ылдам басып падышанын ордосунан чыгып кетти. Эми Илиясты өлтүрүү үчүн баарына даяр болуп турган кудайсыз падышага убакыт коротуунун кажети жок экени айкын болду. Илияс корккон жок, анткени ишенимдүү Кудай кыйынчылыкта калтырбастыгын ал билген.

Кудай пайгамбарга даана сүйлөдү.

Кудай: «Илияс, бул жактан кет. Чыгышка барып, Керит суусунун боюна жашын. Суудан ич, Мен сага азык берем».

Балдар, билесиңерби, Кудай ага кантип азык бергенин?

Ал каргаларды жиберди, каргалар Илияска эт алып келип беришти. Бул кереметтер чынында эле анын жашоосунда болуп жатты: Кудай эртең мененки тамагына да, кечки тамагына да «аба почтасы» аркылуу жиберди!

Кудай ишенимдүү. Өзүнүн кызматчысына муктаж болгон нерсесинин баарын берди: башпаанек, азык жана суу.

Ал убакта көптөгөн адамдар эптеп эле күн көрүп жатышкан. Жамгырсыз түшүм болбой, өлкөдө азык-түлүк тартыш болду. Бир жолу Керит суусу да солуп калды. Ошондо Кудай Илиясты чек аранын берки тарабындагы Сарепат шаарына алып барды.

Шаарга кирип, Илияс бир аялдан сурады:

Илияс: «Мага бир чөйчөк суу, бир үзүм нан берчи».

Аял ага капалуу карап, үлдүрүгөн үн менен:

Аял: «Менин эч нерсем калбады, камдыгымдын баары түгөндү. Бир ууч ун, бир-эки тамчы май калды. Болгону ошол. Балам экөөбүзгө бир нерсе бышырайын деп аттым эле. Акыркы жолу чогуу тамактанып, андан кийин… өлөбүз».

Илияс: «Коркпо! Мени силерге Кудай жиберди. Ал мага кургакчылыктын бардык күндөрүндө унуңар түгөнбөйт, май куйган кумураңар бош калбайт деп айтты».

Кудай ишенимдүү! Ал убада кылган нерсе сөзсүз орундалат!

Анан чындап эле, аял күн сайын ун менен майдан тамак жасаса да, уну түгөнгөн жок, май куйган кумурасы бош калган жок. Аларда Илияс пайгамбар үчүн, аял үчүн жана анын уулу үчүн жетиштүү тамак болуп турду. Кандай гана керемет!

Кудай ишенимдүү! Ага дайыма таянууга болот!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Кудай, Илияс, аял

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 10, 2018, at 04:24 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)