STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 017 (So courageous 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

17. Абдан кайраттуулук 2


Акыры жаан жаады! Кандай керемет! Бир нече күндөн кийин баары жанданды: бакчалар, талаалар жана сейилбактар узакка созулган кургакчылыктан кийин калыбына келди.

Өз убагында жамгырды ким жиберди? Жер үстүндө тирүүлүктү ким кармап турат?

Жер үстүнө жамгырды, күн нурун жиберип турган бир гана Кудай бар экенин Ысрайылда дээрлик бардыгы унутуп койгон убак болгон. Адамдар өздөрүнө жыгачтан, таштан кудайларды жасап алышкан. Ошондой кудайлардын бирин алар Баал деп аташчу. Ошол жансыз Баал аларга дан, жемиш жана мал берет деп ишенишкен.

Мындай адашууга Ахап падыша күнөөлүү болчу.

Баары падыша Изебел аттуу аялга үйлөнгөндөн башталган. Ал чыныгы Кудай тууралуу эч ким билбеген жерден болчу. Өзү менен кошо Ысрайылга ал өз динин – Баалга табынууну ала келген. Анын таасири менен Баалга Ахап падыша, андан кийин бүт эл табына турган болду.

Жок-жок, бүт эл эмес. Илияс Баалга табынган жок. Ал Кудайга ишенимдүү бойдон калган аз сандагы ысрайылдыктардын бири болчу.

Бир жолу ал мындай деп сыйынды:

Илияс: «Кудайым, Сенден суранам, үч жыл жамгыр жаабаса экен, жамгырды жана түшүмдү берчү жалгыз Сен – Кудай экениңди бүт эл билсин».

Илияс Кудай баарына жалгыз гана Кудай Өзү экенин көрсөтөрүнө бекем ишенген. Ал чакырылбастан эле тезинен падышанын ордосуна барды. Ордонун короосун бүт басып өтүп, Ахап падыша отурган тактылуу бөлмөгө кирди.

Тайманбастан алдына туруп, мындай деп билдирди:

Илияс: «Ахап падыша, угуп ал! Теңир тирүү, ошондуктан алдыдагы үч жыл бою жер үстүнө бир тамчы жаан тамбайт. Бир гана тирүү Кудай бар экенин ошондо билесиң».

Ахап бир нерсе дегенге үлгүргөн жок, Илияс жок болуп кетти. Андан ары эмне болду?

Ал тууралуу келерки уктурууда билесиңер.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Илияс

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 10, 2018, at 04:22 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)