STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 012 (Joy that never leaves us)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

12. Бөксөрбөгөн кубаныч


Түнкү асманда жылдыздар жайнайт. Шаар уйкуда жаткан, койлорун кайтарып, койчулар гана талаада эле. Алардын жумушу оор болсо да, аткаруулары керек. Эл койчуларды жаман көрүп, аларга ууру же каракчыдай мамиле кылышчу.

Эмне, алардын жардамчысы же Куткаруучусу жок беле? Чекебизге жазылганы ушул экен деп, алар коомдун төмөнкү катмары болууга көнүүлөрү керек беле?

Бакка чарчаңкы сүйөнүштү. Капыстан чарчоону бирөө кол менен алып салгандай болду. Түнкү караңгылыкта укмуштуудай жарык жаркырады. Эрксизден алакандары менен көздөрүн жапкан койчулар, бул эмне болгон жарык экенин билгилери келди. Алар аябай коркуп кетишкен эле.

Аларга асмандан Кудайдын элчиси – периште келди. Адамдардан жашырылган Кудайдын дүйнөсүнөн келген бул элчини койчулар үрөйлөрү уча карап турушту.

Периште: «Коркпогула! Силерге улуу кубаныч алып келе турган жакшы кабарды жар салам. Бүгүн Дөөттүн шаарында силерге Куткаруучу төрөлдү. Ал – Машайак Теңир. Аны мындай белгиден билесиңер: жалаякка оролуп, акырда жаткан ымыркайды көрөсүңөр».

Аң-таң калган койчулар периштени кунт коюп угушту. Куткаруучу! Жүрөктөрү болуп көрбөгөндөй улуу кубанычка толду. Кудай аларды унутпаптыр!

Андан кийин асманда түмөндөгөн периштелер пайда болуп, бул керемет үчүн – Куткаруучу төрөлгөнү үчүн Кудайды даңкташты!

Койчулар шаарга барып, малканадан Мариямды, Жусупту жана Ыйсаны көрүштү. Ыйсаны – Куткаруучуну көргөндөгү алардын кубанычында чек жок эле.

Куткаруучу сен үчүн да төрөлгөнү чындык. Ыйса Теңирден сенин жашооңо киришин суран, ошондо эч качан бүтпөс кубанычка ээ болосуң.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, периште

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 10, 2018, at 04:06 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)