STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 001 (Jesus loves children)

Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

1. Ыйса балдарды сүйөт


Бир жолу швед ханбийкесинен үйүндөгү меймандар: «Кичи пейилдикке, бизге кенчиңизди көрсөтүңүзчү!» – деп суранышат. «Макул, албетте көрсөтөм» – деп жооп берген ханбийке чыгып кетти да, бир аздан кийин эки баласы менен кирип келди. Балдарын колуна көтөрүп жылмая: «Мынакей менин кенчим» – деди.

Меймандар абдан таң калышты. Алар ханбийке бриллианттарын жана башка кымбат баалуу асыл таштарын көрсөтөт деп ойлошкон эле. Балдары ал үчүн бардык кымбат баалуу асыл таштардан кымбат экенин түшүнүштү.

Иш жүзүндө балдарын баары эле мындай жакшы көрө беришпейт.

Бирок Ким аларды сүйөрүн мен билем. Ал – Ыйса Теңир!

Библияда бир жолу ата-энелер Ыйса менен таанышышсын, Ыйса аларга батасын берсин деп, Ага балдарын алып келишкени баяндалат. Бирок алар Ыйсага жакындаганга жетише электе эле ачуулуу үндөрдү угушту:

Шакирттер: «Эмне кылып жатасыңар? Нары тургула! Жолобогула!»

Коркуп кеткен балдар туруп калышты. Эч нерсе дей алышкан жок. Анткени Ыйсанын Өзүнүн шакирттери катуу урушуп коюшпадыбы.

Окуя муну менен бүтпөгөнү кандай жакшы болду! Ыйса балдарды жакшы көрөт, ошондуктан Ал аларга мындай мамиле кылууга жол берген жок.

Ыйса: «Бул кичинекейлерди өткөргүлө Мага! Аларды кубалабагыла! Асман Падышалыгы аларга таандык».

Ыйса балдарды жакшы көрөт. Ал аларды таанышууга, Ага ишенүүгө чакырды. Алар Ага келишти.

… сен курактуу балдар жана кыздар

… жакшылары жана жамандары

… чоңдору жана кичинелери

… тентектери жана жооштору

… акылдуулар жана анча акылдуу эместер

… өңдөрү ар кандай балдар жана кыздар.

Балдар Ыйса аларга абдан жылуу мамиле кылып, батасын берген ошол күндү эч качан унутушкан жок.

Ыйса балдарды сүйөт!

Балдар буга абдан сүйүнүштү жана алар көптөргө Ыйса жөнүндө айтып беришти.

Балдар, силер дагы Ыйса ар бириңерди жакшы көрөрүн дайыма эстеп жүргүлө! Библиянын барактары аркылуу Ал сага кайрылып, «Мага келген адамды Мен кубалабайм», – дейт.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Ыйса, шакирттер

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:25 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)