Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 103 (The voice of the unseen 3)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

103. Көрүнбөгөндүн үнү 3


Сырдуу күйүп турган бадал. (оттун чыртылдаган үнү) Ал күйүп жатты, бирок күйүп бүткөн жок.

Муса акырындан ага жакындады. Эмнеси болсо да бул сырдуу көрүнүштү түшүнгүсү келди.

Муса: «Кызык! Бул от эмне күйүп бүтпөйт?»

Кудай: «Муса! Муса!»

Кимдир бирөө анын атын чакырды. Бирок айланада жан киши жок эле.

Кудай: «Муса!»

Муса: «Мен мындамын».

Кудай: «Жакын кел! Бут кийимиңди чеч. Сен турган жер – ыйык жер. Мен – ата-бабаң ишенген сенин Кудайыңмын».

Муса аң-таң калды. Бул Кудай турбайбы! Ал күйүп жаткан бадалдын ортосунда турган экен. Ошондон кийин Муса бадалды караганга батынган жок. Жүзүн кийими менен жаап алды. Ал Кудайдын үнүн даана укту.

Кудай: «Фараондун элиме көрсөткөн азабын көрдүм. Алардын жардам сурап жалбарганын уктум. Эми аларды бошотуп, эң сонун жерге алып барам. Муса, сен Мага керексиң. Фараонго барып, Менин элимди кулчулуктан бошотосуң».

Муса: «Менби? Эмнеге мен? Менин колуман келбейт».

Мусанын шылтоосу көп эле. Кудай үчүн мындай иштерди кылуу анын оюна да келбейт болчу. Кудай болсо Муса аркылуу миллиондогон адамдарды кулчулуктан бошотууну мелжеген.

Балдар, билесиңерби? Силер менен менин да Боштондукка чыгаруучубуз бар.

Ооба, биз ысрайылдыктар Египетте кул болгондой кулдар эмеспиз. Бирок бизди дайыма күнөөгө түртүп турган бир кул кылуучу бар. Ал – шайтан. Ал адамдарды кул кылып, алардын эркин болушун каалабайт. А биздин кудуреттүү Бошотуучубуз – Ыйса. Ал шайтанды жеңген. Ыйсага ишеним бизди кулчулуктан бошотот. Ар бириңерге ушундай боштондук каалайм.

Кудай бизди боштондукка чыгаргысы келет. Ошондуктан бизге Ыйсаны, Египетте Мусаны жиберген.

Кудай Мусаны бекемдеген, Ал тапшырган иштерди аткарышы үчүн, Ага күч берген. Керемет көрсөтүүчү күч берген. Бирок баарынан сонун белеги – Анын убадасы болчу.

Кудай айткан: «Муса, коркпо. Мен сени менен барам, сага жардам берем. Агаң да сени менен барат. Ал эми эле жолдо. Тур да жөнө!»

Кудай Муса менен барды. Ушул эле жетиштүү болчу.

Муса ысрайылдыктарды бошотуп, Египеттен чыгара алар бекен?


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Муса, Кудай

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:43 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)